Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:40

Үч өзбек атуулу «качкын» макамын берүүнү өтүнүүдө


ОШ. Бул жөнүндө билдирген тышкы иштер министрлигинин алдындагы миграция департаментинин түштүк аймактык башкармалыгынын башчысы Нуриля Жолдошованын айтымында, учурда жогорудагы үч өзбек атуулунун өздүгү такталып, иликтөөгө алынды. Нуриля Жолдошованын сөзүнө караганда, аталган үч өзбек атуулу Анжиян окуяларынан кийин Кыргызстандын аймагына качып өтүшүп, “куугунтуктоо болушу мүмкүн” деген коркунуч менен жашырынып жашап жүрүшкөн. Кыргызстандын миграция кызматынын атайын адистери БУУнун Качкындар иши боюнча башкы комиссарлыгынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен үч өзбек атуулуна качкын макамын берүү боюнча атайын иш чараларды жүргүзүшүүдө.

XS
SM
MD
LG