Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Рим папасынын Германияга сапары аяктады


Бүгүн Рим-католик чиркөөсүнүн көсөмү Бенедикт-16 Германиянын Көлн шаарында ачык асман астында ибадат кылды. Бул иш-чарага катышуу үчүн шаардагы паркка жарым миллиондой адам чогулган. Кийинчерээк, айрым маалыматтарга караганда, алардын саны бир миллиондон ашты. Көптөр бул жерге кечээ кечинде эле келип, эртерээк орун ээлеп коюш үчүн түндү да паркта өткөрүшкөн. Рим папасынын жетекчилигинде өткөн сыйынуу жөрөлгөсүнө дүйнөлүк жаш католиктердин фестивалынын катышуучулары да келишкен.

Соңку эл аралык кабарларды Прагадан Төрөкул Дооров даярдады

XS
SM
MD
LG