Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:31

Ирак: Конституциянын долбоорун даярдоо дагы бир жумага кечигиши мүмкүн


Ирактын премьер-министри Ибрагим ал-Жаафаринин ырасмий өкүлүнүн айтымында, эгерде саясий лидерлер дүйшөмбүгө чейин өлкөнүн Баш мыйзамынын долбоорун иштеп бүтө алышпаса, бул ишти дагы бир жумага кийинкиге калтырууну суранышса болот. Леиз Куббанын айтымында, мындан башка бир эле жол бар. Бул – парламентти таркатуу.
Буга чейин Ирак Конституциясы боюнча долбоор айтылган мөөнөтүндө (15-августка карата) бүтпөй, бир жумага кийинкиге жылдырылган эле. Бирок эртең дүйшөмбүгө карата долбоор бүтө тургандай эмес. Ирактын Баш мыйзамын жазууда негизги машакат өлкөдөгү шийи, сунни мусулмандары жана күрттөр ортосундагы талаш тартыштардан улам чыгып жатат. Бүгүн Конституциялык комиссиядагы сунни мусулмандарынын өкүлдөрү Кошмо Штаттарга жана эл аралык коомчулукка кайрылуу жасап, аларды сунни мусулмандарынын кызыкчылыктары корголбой турган документтин кабыл алынышына жол бербөөгө чакырышты. Анткен менен, сүйлөшүүлөрдө айрым алга жылуулар да байкалды. Мисалы, Иракты эми жөн эле “Республика” деп атоо туура деген тыянак чыгарылды. Буга чейин айрымдар “федеративдүү” өлкө болсун дешсе, дагы бирөөлөрү “Ислам” республикасы деп жарыялаш зарыл деп келишкен.

XS
SM
MD
LG