Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Университет шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү соңуна чыкты


БИШКЕК. Номер биринчи Университет шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салыша турган талапкерлерди көрсөтүүнүн мөөнөтү 22-августта соңуна чыкты. Ал эми талапкерлердин документин кабыл алуу 25-августта соңуна чыгат. Азырынча алты талапкер катталышты. Шайлоо кодексине ылайык, талапкерлердин үгүт-кампаниясы 1-сентябрда башталат. Ал эми шайлоо 18-сентябрда өткөрүлөт.

Аталган чөлкөм боюнча депутаттыкка өлкөдөн качып кеткен мамлекет башчы Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева ат салышып, жеңип чыккан. Март ыңкылабынан кийин Бермет Акаева шайлоо өнөктүгү учурунда олуттуу мыйзам бузууларга барган деген айып менен депутаттык мандатынан ажыратылган. Ал эми Бермет Акаева мындай дооматтарга макул эмес.

XS
SM
MD
LG