Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

Николай Танаевге карата баш коргоо чарасы өзгөртүлдү


БИШКЕК. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы мурдагы өкмөт башчы Николай Танаевдин камабай, жашаган жеринен эч жакка кетпөө тууралуу кепилдигин алып баш коргоо чарасын өзгөрттү. Бул тууралуу Башкы прокурор Азимбек Бекназаров «Азаттыктын» кабарчысына билдирди. Башкы прокурор Азимбек Бекназаров кылмыш жасады деп айыпталып качып жүргөн мурдагы жогорку кызматта иштеген атуулдардын кимиси бир айдын ичинде келип, өз каалоосу менен сурак бере турган болсо, андай атуулдар камалбай тургандыгын мындан бир ай илгери жарыялаган. «Николай Танаев менин ошол чакырыгым боюнча келгендиктен ал камалбайт» - деп кошумчалады, Башкы прокурор Азимбек Бекназаров.

XS
SM
MD
LG