Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ 240 МИЛЛИОНДОЙ БАЛА ДЭЭРЛИК КУЛГА АЙЛАНГАН


ЮНЕСКО уюму 23-августту – кулдарды соодалоо жана ага тыюу салууну эскерүү күнү деп белгилеген. 1791-жылы 23-августта Гаитиде кулдардын чоң көтөрүлүшүнөн кийин малайларды сатууга тыюу салынып, ушул күн эзүүчүлөр доору аяктаган күн катары тарыхка кирген. Андан бери дүйнөдөгү бардык өлкөлөр кулчулукка каршы мыйзамдар кабыл алганы менен, мыйзамсыз түрдө адамдардын, жаш балдардын күчүн малайлыкка пайдалануу көрүнүшү алигүнчө жашоо сүрүп келатат. “Азаттыктын” кабарчылары айрым өлкөлөрдөгү кулчулук маселесин иликтеп көрүшкөн.

Надим аттуу 12 жашар өспүрүм – Пакистандын Лахор шаарында килем токуган ишканада эмгектенет. Ата-энеси ишкана ээсинен карызга алган акчанын эсебине иштеп жаткан Надим күн сайын 14 сааттан кем эмес караңгы, чаң толгон бөлмөлөрдө түйшүгү түмөн килем жасоо иши менен алек. Ошентсе да, кожоюну ага сокур тыйын төлөбөйт.

- Мен азыр 12 жаштамын, бул жерде 4 жашыман бери иштеп келатам. Башында ата-энем алган карыздын эсебине айына 12 доллардай маянам кетчү. Кийин кожоюнум айына 50 доллардан кошуп отуруп, карыздын көлөмү 300 долларга жетти, азыр ошол акчадан кутулуш үчүн иштеп жатам, - дейт керээлден-кечке караңгы бөлмөдө бүкчүйүп иштеген үчүн көзү мокоп, колдору оор жиптерди байлап отуруп дүмпүл жоор басып кеткен Надим.

Америкалык кинорежиссер Робин Романо дүйнөнүн ар башка өлкөлөрүндө Надимге окшоп малайга айланган балдар жөнүндө тасма тартып, аны “Уурдалган балалык” деп атаган. Фильмде баяндалгандай, Пакистанда килем токуган ишканаларда кул катары иштеген өспүрүм балдар миңдеп саналат. Ысымын атоодон баш тарткан ошондой ишкана ээси жаш балдарды иштетүүнүн пайдалуулугун мындайча белгилейт.

- Мага окшоп килем токуган ишкана ээлери өз ара балдарды алмашып турабыз. Жаш балдар тилалчаак, күжүрмөн болушат. Аларга иштин чоо-жайын 3-4 саатта үйрөтүп койсоң болот. Тил албаган балдарды уруп койсоң жакшы иштеп калышат, - деп курсанттанат пакистандык жаш кулдардын ээси.

Режиссер Романо тасмасында дүйнөнүн чар тарабында 14 жашка чыга элек 240 миллиондой бала малайлыкка сатылганын баяндайт.

- Ооганстан жана Пакистанда жайылган азыркы кулчулуктун бир түрү – бул карыздан кутулуу үчүн кара күчүн сатуу. Балдарын багыш үчүн көптөгөн ата-энелер байыраак адамдардан карызга акча, же тамак-аш алышат. Кийин бересесинен кутулуш үчүн балдарын малайлыкка түртүшөт.

Кинорежиссер Романо бул эки өлкөдө жана дагы башка коомдордо айрым ата-энелер карызынан кутулуу ниетинде жаш кыздарын сойкулукка саткан, же бели ката элек өспүрүм кыздарын бай адамдарга токолдукка саткан учурлары да кеңири кездешээрин баяндайт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG