Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:25

ЭКС-ПРЕМЬЕР НИКОЛАЙ ТАНАЕВДИН БИШКЕККЕ КЕЛИШИ, БАЯГЫ ЭЛЕ ПАСПОРТ КӨЙГӨЙҮ, БАШКЫ ПРОКУРОРДУН “КАРА ТИЗМЕСИ”


23-августтагы өлкөнүн маалымат каражаттарында негизги тема Башкы прокуратуранын суроолоруна жооп бериш үчүн экс-премьер-министр Николай Танаевдин Бишкекке келиши болду. Кыргызстандын маалымат айдыңында орус тилинде “Новый Кыргызстан” аттуу жаңы гезиттин тушоосу кесилди.

23-августта жарык көргөн “Эркин тоо ” гезити жаңы түзүлгөн “Эмгек жана биримдик” партиясынын лидерлеринин бири, Баткен облусунун губернаторунун мудакы орун басары Юруслан Тойчубеков менен болгон маекти жарыялады. Анда өлкөнүн айыл чарбасын, экономикасын көтөрүү, эл турмушун оңдоо, учурдагы бийликтен элдин үмүтү, жаңы түзүлгөн партиянын максаттары тууралуу кеп болот.

Ушул “Эркинтоо” гезитинде дагы кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин жооптуу катчы Асан Жунусов айтып берди:

- Президент Курманбек Бакиев 15-августта өлкөнүн жетекчилери, активи менен жолугушууда элге отчет берип туруу маселесин койгон. Ошондуктан калк менен жолугушуулар Талас, Ош, Ысыккөл, Нарын, Баткен, Чүй облусттарында болгонун, андагы маселелер тууралуу баяндамалар берилди.

23-августта жарык көргөн “Кыргыз туусу” гезити Өзбекстандын 29 качкыны өлкөдө кармалып тургандыгы, анын ичинен 15 качкынды оор кылмыш жасаган деген айып менен өзбек бийлиги талап кылып турганы тууралуу макаланы журналист Папан Дүйшөмбаев даярдаган. “Алтын тоо” деп аталган Тогузторо районундагы көйгөйлүү маселелер тууралуу райондун акими Таалайбек Өмүрбек тегин “Кыргыз туусунун” кабарчысына айтып берген. “Миңкуштун ыйын ким угат?” аттуу макалада кароосуз калган аймактын көйгөйлөрү баяндалып, жаңы бийликтин мамлекеттик деңгээлде көңүл буруусу тууралуу кеп болот.

“Кыргыз туусуна” дагы кандай макалалар жарыяланганын маданият бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Чотурова айтып берди:

- Улуттук телерадиокорпорациянын “Замана” теле берүүлөрүнүн жетекчиси Азима Расулованын кыргызстандык журналисттердин кыйын абалдан алиге чыга албай, изденүү менен жол издеп жатканы тууралуу маеги чыкты. “Манас ордо” улуттук комплексинин директору Ормош Чойунбаев Аскар Акаевге мыйзамсыз берилген 12 канат боз үй кайра кайтарылып берилгенин баяндайт.

Шейшемби күнү “Кыргыз руху” гезитинин жаңы саны сатыкка түштү. Анда “Чубактын кунундай чубалган” өлкөдөгү паспорт көйгөйү, сырттан алынган карыздар ,өткөн бийликтин кетирген кемчиликтери , Алматы-Чолпоната жолу тууралуу макалалар жарык көрдү.

Ушул “Кыргыз руху” гезитиндеги макалалардын мазмуну тууралуу жооптуу катчы Кубаныч Зайнидинов мындайча айтып берди:

- Орус тилинде улут тагдыры, өлкөдөгү ыңкылап, учурдагы саясый абал, өнүгүү багыты тууралуу белгилүү публицист Токтогул Качыкеев пикирлерин ортого салды. Садык Гавайдын руханий кыйроо, улуттук идеология тууралуу ойлору чыкты.

22-августагы “Вечерний Бишкек” гезити быйыл Ысыккөлдө туристтер былтыркыдан эки эсе аз болгону, экс-премьер-министр Николай Танаевдин Башкы прокуратуранын суроолоруна жооп берүү үчүн Бишкекке келиши, Тажикстандан келген этникалык кыргыздардын өлкөнүн атуулдугун ала албай убара болуп жүрүшкөнү тууралуу макалаларды жарыялады.

“Өлкөнүн Башкы прокуратурасы коррупцияга байланыштуу “кара тизмени” парламентке сунуштап, алардын кароосуна койгону турат. Анда Аскар Акаевден башка мамлекеттик жетекчилердин жоон тобу бар. Мурдакы өкмөт башчысы Николай Танаев, Улуттук банктын учурдагы төрагасы Улан Сарбанов, мурдакы элчи, президенттик аппараттын мурдакы жетекчиси Медет Садыркулов баштаган бир топ кызматкерлердин ишмердиги иликтенип жатат. Алардын арасында парламенттин айрым депутаттары да бар” деп жазат кабарчы Данияр Каримов “Баш прокуратуранын “Кара тизмеси” деген макаласында.

Өткөн жума соңунда Кыргызстандын маалымат майданында “жаңы өлкөгө-жаңы гезит” деген ураан менен “Новый Кыргызстан” аттуу орус тилиндеги гезит пайда болду. Анда президент Курманбек Бакиевдин ант берүү аземи, Бишкектин жаңы мэри Арстанбек Ногоев, Конститутциялык кеңешме жөнүндө макалалар, белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергеновду эскерүү басылды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG