Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Ирактын Конституциясынын долбоору парламентке берилди


Ирактын Конституциясынын долбоору парламенттин кароосуна берилди. Бирок аны кабыл алуу боюнча добуш берүү үч күндөн кийин болот. Ага чейин тараптар долбоорду талкуулашып, өз сунуш-пикирлерин айтышат. Конституциянын долбоору белгиленген мөөнөт боюнча парламенттин кароосуна 15-августта берилиш керек болчу. Бирок шиилер менен сунниилердин жана күрддөрдүн ортосундагы карама-каршылыктардан улам даяр болбой калган. Тараптар азыр деле Ирактын мамлекеттик түзүлүшү боюнча толук бир чечимге келе элек. Сунниилер долбоорду сунниилердин макулдугусуз кабыл албоого АКШ менен эл аралык коомчулукту кечээ чакырган. Сунниилерди бир пикирге келишкен күрддөр менен шиилер долбоорго макулдатууга аракет көрө башташты.

XS
SM
MD
LG