Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:41

Аскар Акаев Орусиянын жогорку окуу жайларынын биринде иштеши мүмкүн


БИШКЕК. Бул тууралуу 23-августта «Азаттыкка» Аскар Акаевдин адвокаты Максим Максимович билдирди. Адвокат белгилегендей, Аскар Акаев ага лекцияларды окууну сунуш кылган Орусиянын жогорку окуу жайларынын бирине жакында жообун айтат. Буга чейин Аскар Акаевге Москвадагы мамлекеттик университеттин ректору да профессордук кызматты сунуштаган. Адвокат Максимович билдигендей, Аскар Акаев жана Майрам Акаева азырынча Кыргызстанга келбейт, анткени, алардын бул жерде жашоого үйү жана жан сакчылары да жок.

XS
SM
MD
LG