Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Николай Танаев: “Мен мурда эле өз кызматымды аткаруудан тажагам”


БИШКЕК. Кыргызстандын мурдагы экс-премьер-министри Николай Танаев өкмөт башчылык кызматынан мурда эле тажагандыгы тууралуу «АКИ-пресс» маалымат агентигинде билдирди:

- Мен эч качан премьер-министрлик кызматка кадалып кармалган эмесмин. Мен өкмөттө иштөөдөн ушунчалык тажап кеткен элем.

Анын айтымында, ал 23-мартка чейин да бир нече ирет экс-президент Аскар Акаевге кызматтан бошотуу жөнүндөгү арызы менен кайрылган. Бирок анын арызы канааттандырылган эмес. Экс-премьер-министр Кыргызстанда 24-марттан кийин эч кандай өзгөрүү болбогонун да белгиледи:

- Кыргызстанда бүгүнкү күндө эмне өзгөрдү? Жаңы өкмөт бийликке келди. Жаңы президент шайланды. Калганы баары мурдагыдай эле калды.

XS
SM
MD
LG