Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

КЫРГЫЗСТАНДА СПИД МЕНЕН ООРУГАН 746 АДАМ КАТТАЛГАН


23-августта Бишкекте БУУнун СПИДге, кургак учукка жана безгек илдетине каршы күрөшүү боюнча глобалдык фонду каржылаган долбоорлордун аткарылышы талкууланды. Ага фонддун Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүндөгү долбоорлорунун аткарылышына жооптуу өкүлү Валерий Чернявский катышты.

Бул жыйында СПИДдин ВИЧ инфекциясына, кургак учукка жана безгек илдетине каршы күрөш жана аны алдын алуу жаатында бөлүнгөн 54 долбоордун аткарылышы талкууга алынды. Ошондой эле бул долбоорлорду камтыган программанын аткарылышынын биринчи этабы жыйынтыкталды. СПИДге, кургак учукка жана безгек илдетине каршы күрөшүү боюнча глобалдык Фонддун Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүндөгү долбоорлордун аткарылышына жооптуу өкүлү Валерий Чернявский программалык долбоор былтыр март айында башталганы менен демилгелүү аракеттер көрүлгөнүн белгиледи:

- Эл аралык уюмдардын колдоосу менен фонд 2 жылда 127 өлкөгө 3 миллиард америка долларына барабар каражат бөлүп, СПИД, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча долбоорлорду каржылап жатат. Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү үчүн 132 млн. доллар каражат бөлүнгөн. Кыргызстанга 5 жылга 17,5 млн. долларлык грант каралган. Анын 2,5 млн. доллары биринчи этапта СПИД, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча долбоорлорду каржылоого жумшалды. Долбоорлордун аткарылышын көзөмөлгө алдык. Эми экинчи этабы башталмакчы.

Жыйында ВИЧ инфекциясы соңку мезгилде Кыргызстанда жайылып баратканы айтылды. Бириккен Улуттар уюмунун отчетуна ылайык, Кыргызстанда ВИЧ инфекция акыркы жылдары 3,5 эсеге өскөн. Кыргызстанда учурда ВИЧ инфекциясына чалдыккан 746 адам катталган. Анын 666сы Кыргызстандын атуулдары. Өлкөдө кургак учук менен ооруган 13 миңден ашуун адам бар.

“СПИД” бирикмесинин берген маалыматына ылайык, СПИД менен катталган учурлар негизинен ОШ, Чүй жана Бишкекте байкалат. СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча глобалдык фонд тарабынан бөлүнгөн каражаттар кандай максаттарга жумшалып жаткандыгын өлкөдөгү “СПИД” бирикмесинин директорунун орун басары Дамира Иманалиева айтып берди:

.- Эң негизги талап - СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча улуттук программа болуусу шарт. Бизде андай программа да, мыйзам да бар.Фонд эл аралык уюмдардан каражат чогултуп, аны долборлорду каржылоо үчүн бөлүп берет. СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча долбоорлордун аткарылышына баа берип, аны андан ары улантууга жолдомо берет.

. ВИЧ-инфекциясы мурда чет өлкөлүктөрдөн же чет жерге барып келгендерден жугат деген пикир болсо, учурда баңги заттарды пайдалангандардан көп жугаарын “Өнөктөштөргө колдоо көрсөтүү” ассоциациясынын жетекчиси Батма Эстебесова белгиледи:

- Калктын аз бөлүгү гана СПИД оорусу эмне экенин билет, агартуу иштерин жүргүзүү зарыл. Анткени көбү эле ВИЧ СПИД кандай жол менен жугаарын билбейт. Айрыкча, баңги заттарды колдонууда көп жугуп жатканы аныкталууда. Булардыкы өтө коркунучтуу. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бир жолу колдонулуучу шприц берип жатабыз.

Өлкөдө СПИД менен ооруган 16 аял төрөгөн. Анын алтоонун баласына мындай ооруу жукпаганы аныкталган. Калган алтоо көзөмөлдө турганын адистер айтышууда. Ошондой эле СПИД оорусу жуккан 2 ымыркайдын катталышы, бул оорунун көбөйүп жатышы өлкөдө ВИЧ инфекциясына каршы күрөшүүнүн мамлекеттик 3-программанын иштелип жатышына себеп болууда.

Мындай дартка чалдыккан адамдар дарыланууну каалабай, жашырынып башкаларга жугузууга шарт түзүп жатышканы өкүнүчтүү, дешет адистер.
СПИД жана башка дарттарга каршы күрөшүүдө маалымат жана билим негизги фактор болуп саналат. Бирок ушундай агартуу иштери аталган фонддун каржылоосунун негизинде акыркы 2 жылдан тартып гана жүргүзүлө баштады.

Дүйнө жүзүндө күн сайын ВИЧ инфекциясын 15 миңдей адам жугузуп алып, 8 миңдей адам СПИДден каза болуп турат. Учурда мындай коркунучтуу дарт менен ооруган 40 миллиондон ашуун адам катталган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG