Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Жалалабатта жип ийрүүчү завод ишке кирди


ЖАЛАЛАБАТ. Жалалабат шаарында жайгашкан кыргыз-орус «Лиматекс» аттуу пахта буласынан жип ийрип чыгаруучу ишканада учурда 360 жумушчу иштөөдө. Завод толук курулуп бүткөндө 2 миң адам жумуш оруну менен камсыз болот. Ишкана ушул күндөрү былтыр кабыл алган орусиялык эки заводдо даярдалган буланын эсебинен алгачкы өнүмдөрдү чыгарууда. Мындай маалымат 24-августта облустук бийликтин өнөр жай жана экономика бөлүмүнөн алынды. Бөлүмдүн билдирүүсүнө караганда, аталган өнөр жай ишканасынын жылдык кубаттуулугу баасы 50 миллион долларга тете пахта буюмдарын чыгарууга эсептелген . “Лиматекс” ишканасы чийки пахталарды сатып алуу үчүн өз кезегинде Европалык реконструкция Банкы менен 1 миллион долларга келишим түзгөн. Ишкананын чийки өнүм менен камсыз кылуучу пахта заводдору ОШ, Жалалабат, Баткен облустарында пахтанын жаңы түшүмүн сатып алуу үчүн түштүк аймагындагы пахта өстүрүүчү чарбалар, жеке ишкерлер менен келишим түзүүдө. Облустун дыйкандары жылына 60-75 миң тонна пахта жыйнап алышат. Бирок өткөн жылы пахтанын сатып алуу наркы 8-12 сомдон ашкан эмес.

XS
SM
MD
LG