Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Атуулдук коом Конституциялык кеңешмени көз карандысыз саясатчы жетектешин жактайт


БИШКЕК. Конституциялык кеңешмени бир да бийлик бутагына кирбеген, бирок саясий чоң тажрыйбасы бар коомдук ишмер башкарышы керек. Бул бардык бийлик бутактарынын тең салмактуулугун кепилдеген Баш мыйзамдын жаралышын шарттайт. Мындай мазмундагы кайрылууну президент Курманбек Бакиевдин, Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүрбек Текебаевдин наамына жана коомчулукка «Кылым шамы», “Аймактык изилдөөлөр институту”, “Кыргызстан юристтери” өндүү ондогон бейөкмөт уюмдар жолдоду. Кайрылууда бейөкмөт уюмдар Конституциялык кеңешменин жаңы курамын түзүү, ага президентти төрага кылуу чакырыктары тынчсыздандырып жаткандыгын билдиришкен. Азыркы бийлик, президент Конституциялык кеңешмени жетектөөгө умтулбашы керек. Бул кызыкчылыктардын кагылышуусуна, акырында тигил же бул бийлик бутагынын кызыкчылыгы үчүн чечим чыгышына алып келет. Өткөн аптанын этегинде президент Курманбек Бакиев менен Конституциялык кеңешменин азыркы төрагасы, Жогорку Кеңештин спикери Өмүрбек Текебаев жолугушуп, анда кеңешмени башкарууну президентке ыйгаруу макулдашылган.

XS
SM
MD
LG