Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Коопсуздук кеңеши 17-июндагы окуяны талкуулады


БИШКЕК. 24-августта өкмөт үйүндө президент Курманбек Бакиев коопсуздук кеңешин өткөрдү. Анда 17-июндагы массалык тартип бузуулардын себептерин изилдөө боюнча мамлекеттик комиссия маалымат берди. Комиссиянын тыянагына таянган президент 17-июнь окуясына төмөнкүдөй баа берди:

- Бул акция пландалган мүнөзгө ээ. Ак үйдү басып алуу саясий стабилдүүлүктү, тынчтыкты жана бейпилдикти бузуу максатында иштелип чыккан пландын алгачкы этабы болгон.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязовдун айтымында, ак үйгө кирүү учурунда бир катар мамлекеттик ишмерлерге кол салуу да пландалган. Ал бул окуяны алдын алуу багытында бирдиктүү аракет болгон эмес деген негиздеме менен үч жооптуу кызматкерди кызматтан алууну президентке сунуштады. Алар: Улуттук Гвардия кызматынын башкы командачысы Абдыгул Чотбаев, Коопсуздук кызмат башчысынын биринчи орун басары Токон Мамытов, чегара кызматынын башчысынын орун басары Алыбай Кайыпов.

Ал эми комиссиянын мүчөсү, «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов 17-июндагы окуянын мамлекеттик төңкөрүш экендигин далилдөөчү фактылар жок экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG