БИШКЕК. 25-августта премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов өлкө коомчулугуна билдирүү менен кайрылды. Анда жаңы өкмөткө кадрларды тандоо ачык, конкурстук негизде, профессионалдык жөндөмдүүлүгүнө ылайык жүргүзүлө тургандыгы айтылган. Буга чейин Феликс Кулов июль айында да билдирүү таратып, мамлекеттик структураларга кадрлар жаңы принциптердин негизинде тандалат деген эле. Бул жолку кайрылууда айтылгандай андан бери аткаруу бийлигинин структураларында иштөө ниетин билдирип, 83 адам гана кайрылган. Алардын ичинде чыныгы тажрыйбалуу адистер да бар. Бирок адистиги жетишсиз адамдар да кызмат орундарын сураган учурлар жок эмес. Ал эми чет өлкөлөрдөн билим алып келген жаш адистерден сунуштар түшө элек. Эгемендикке ээ болгондон бери Кыргызстандын 14 миң атуулу чет өлкөлөрдө билим алып, адистигин жогорулатканы айтылат.