Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Өзбек качкынына байланыштуу сот иши сентябрда болот


БИШКЕК. 5-сентябрда Бишкектин район аралык сотунда Оштогу убактылуу кармоочу жайда отурган бир өзбек бозгунуна байланыштуу сот иши «Адилет» укук коргоо уюмунун арызы боюнча каралат. Тышкы иштер министрлигинин алдындагы миграция департаменти өзбекстандык төрт бозгунга качкын макамын берүүдөн баш тарткандыгына байланыштуу Кыргызстанда калган 15 өзбекстандык атуулдун кызыкчылыгын коргогон “Адилет” уюму сотко кайрылган. Уюм соттон төрт бозгун боюнча миграциялык департаменттин тыянагын жокко чыгарууну өтүнүүдө. Анын төрайымы Чолпон Жакыпованын пикиринде, миграциялык департамент төрт өзбек качкынына карата эл аралык нормаларга ылайык качкын макамын берүүдөгү тиешелүү жол-жоболорду толук аткарган эмес. Буга чейин 18-августта Бишкектеги район аралык соту Ош тергөө абагындагы бир адамдын иши боюнча арызды канааттандырган. Ош тергөө абагындагы 15 бозгундун 11ине БУУнун Качкындар комиссариаты “качкын” макамын берген.

XS
SM
MD
LG