Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

ПОЛЬШАДАГЫ ДЕМОКРАТИЯ «ТИЛЕКТЕШТИКТЕН» БАШТАЛГАН


Тарыхчылар, саясат таануучулар ондогон жылдар бою орок-балкасын кайрап, дүйнөдөгү таасирин күчөтүп келген Советтер Союзу аттуу империя эмне себептен заматта кыйрап калды? – деген суроону ар кыл өңүттөн талдап келатышат. Дүйнөлүк картаны чукул өзгөрткөн ал окуяларга коммунисттик Чыгыш Европада андан алда канча эртерээк башталган саясий жараяндар башкы себеп болгон жокпу? “Азаттыктын” ушундай жана башка суроолоруна 1980-жылы Польшада түзүлгөн “Тилектештик” кыймылынын жетекчилеринин бири, ушу тапта Европарламенттин депутаты Бронислав Геремек жооп берген.

Бронислав Геремек – орто кылымдардагы Европа тарыхы боюнча илимпоз, демократиялуу Польшанын алгачкы президенти Лех Валенсанын башкы кеңешчиси, 1970-80-жылдары Польшада эле эмес, бүткүл Чыгыш Европада саясий окуяларды тездетүүгө салым кошкон “Тилектештик” кыймылынын лидерлеринин бири. Геремек мырза 1980-жылы Польшанын коммунисттик бийликтери менен болгон сүйлөшүүлөргө катышкан, ошол жолугушуунун соңунда кол коюлган Гданьск келишимине ылайык, “Тилектештик” уюму ырасмий түрдө Польшадагы алгачкы көз карандысыз кесиптик кошун деп жарыяланган.

Коммунисттер бийлиги кулагандан кийин Бронислав Геремек Польша парламентинин депутаты болуп шайланып, көп узабай өлкөнүн тышкы иштер министри кызматына дайындалган. Ушу тапта ал – Европарламенттин мүчөсү.

Геремек мырза “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маегинде Польшадагы коммунисттик бийликтин жашоосун кыйындаткан “Тилектештик” кыймылы өлкөдөгү саясий-социалдык чыңалуунун натыйжасы катары пайда болгонун айтат. 1980-жылдын жайында өлкөдө тамак-аш, башка буюмдардын баасы кымбаттап кеткенине кыжырданып, Свидник жана Любин шаарларында миңдеген жумушчулар иш таштап, өзүлөрү иштеген завод-фабрикалардын ичинде отуруп алышкан. Эки жума бою алар нааразылык акциясын токтотпой койгондон кийин өкмөт алардын талаптарына моюн сунуп, айлык-маяналарын көтөрүүгө аргасыз болгон. Кийинки айда Гданьсктагы кеме куруучу заводдо жаңы көтөрүлүш чыгып, анын башында электрик Лех Валенса турган. Жумушчулардын чечкиндүүлүгүн, өкмөттүн алсыздыгын көргөн Варшавалык интеллигенттер тобу Польшанын бийликтери менен көтөрүлүшчүлөр ортосунда арачылык кылууну сунуш кылат. Алар жазган каттын башында Бронислав Геремектин колу коюлган.

- Биз Тадеуш Мазовецки экөөбүз биздин топтун атынан жанагы катты Лех Валенсага алып бардык. Ал катты окуп чыгып, кол койгон кишилердин ысымдарын көрүп абдан таасирленди. Бирок бизде мындай каттар самандай көп, андан көрө жардам керек болуп турат, жардам бере аласыңарбы? – деп сурады. Мазовецки экөөбүз албетте, жардам беребиз деп айтып, “Тилектештик” кыймылы ошентип пайда болгон, - деп cөзүн улантат Польшалык саясатчы Геремек мырза:

- Жалпы окуялар өнүгүшүн кененирээк ала турган болсок, 1979-жылы Папа Иоанн Павелдин Польшага жасаган визитинин таасири укмуш болду. Папанын андагы “эч кимден коркпогула” деп айткан сөзү канчалык күчтүү таасир этсе, анын сапарын уюштуруу тажрыйбасы да өзүнчө сабак болду. Папа Иоанн Павел барган шаарлардын баарында интеллигенция, жумушчулар, карапайым калк өзү католик лидеринин коопсуздугун күзөтүп жатышты.

1980-81-жылдары польшалык жумушчу-көтөрүлүшчүлөр менен Варшавалык коомдук ишмерлердин ынтымагынан келип чыккан “Тилектештик” уюму өлкөдөгү бардык чөлкөмдөрдө бөлүмдөрүн ачып, анын катарына 9 миллиондой киши кошулган. Ошентип, Польшадагы алгачкы көз карандысыз кесиптик кошун чыныгы улуттук кыймылга айланган. Коммунисттик лидер Войцех Ярузельскийдин бул кыймылга каршы уюштурган аскердик төңкөрүшүнүн айынан “Тилектештикке” кошулган бир нече адам курман болуп, Лех Валенса баш болгон саясатчылар түрмөгө отургузулган.


Борис Геремек маеги учурунда айткандай, 1980-жылдардын башында “Тилектештик” кыймылы Польшада чоң ыңкылап уюштуруп, мамлекеттик түзүлүштү алмаштыра алган жок, бирок коммунисттик доордогу Чыгыш Европанын тарыхына алгачкы көз карандысыз ырасмий уюм катары кирип калганы талашсыз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG