Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:23

ОШТО КӨЧӨ БАЛДАРЫ КӨБӨЙҮҮДӨ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Ошто кароосуз калып, көчөдө күн көрүп жүргөн балдардын саны күндөн күнгө өсүп барат. Адистердин байкоосунда, кароосуз калган балдардын көпчүлүгү оор турмуштун айынан ата-энелердин кароосунан ажырап, балалык учуруна туура келбеген ар кандай жол менен күн кечирүүнү өнөкөткө айландыра башташкан. Мына ушундай абалга байланыштуу Ош шаарында “Балдарды сактагыла!” деген шарттуу аталыштагы бир жумалык рейд-иликтөө иштери башталды.

“Еврочайлд” эл аралык уюмунун жергиликтүү өкүлдөрү мамлекеттик башкаруу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте Ош шаарынын борбордук базарында, көчөлөрдө жана бир катар эл көп топтолгон жайларда “Балдарды сактагыла!” деген шарттуу аталыштагы рейд-иликтөөлөрдү баштады. Анын катышуучулары иш чаранын жүрүшүндө кароосуз калган балдардын өздүгүн, кайдан жана эмне себептен келгендигин тактап туруп, тиешелүү балдар мекемелерине жайгаштырыша тургандыктарын билдиришти.

“Еврочайлд” эл аралык уюмунун жергиликтүү координатору Айгүл Асылбекова акыркы учурда балдарын кароосуз таштап кеткен ата-энелер көп болуп жаткандыгын белгилөө менен коомчулук андай ата-энелердин жоопкерчилигин көтөрүш керек деген оюн ортого салды:

- Ата-энелердин жоопкерчилигин көтөрүш керек болуп жатат. Анткени эмдигиче Совет убагындагы идеология болуп атат, мамлекет баарына жооп берсин деген. Ал эми ата-энелер эмне кылып берет? Балдарды таштап кеткенге ким күнөөлү? Ошондуктан биринчиден ата-энелердин жоопкерчилигин көтөрүш керек.

Рейд-иликтөөнүн жүрүшүндө жалпысынан борбордук базарда жана көчөлөрдө араба түртүп, бут кийим тазалап, же болбосо кайыр сурап жүргөн 19 бала кармалып, балдарды убактылуу жайгаштыруу мекемесине жеткирилди.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Мамат Бектемиров кароосуз калган балдарды тиешелүү мекемелерге жайгаштыруу жана алар менен атайын иш чараларды алып баруу каржынын тартыштыгынан улам жолго коюлбай жаткандыгын белгиледи:

- Ал балдарды бул жерде 30 күндөй кармап, тийиштүү чара көрүш керек эле. 30 күн эмес, 2-3 күнгө кармаганга шарт туура келбей атат. Жаш өспүрүмдөр колго түшкөнү менен кылмышкер эмес, курсагын тойгузуп, кийимин кийигизип, жуундуруп, багыш керек.

Ош облусунун губернаторунун социалдык иштер боюнча орунбасары Ачахан Тургунбаева ата-энеси бар балдардын арасында да оор турмуштун айынын мектепке барууга мүмкүнчүлүгү жок балдардын санынын өсүп жаткандыгын билдирди:

- Кечээ мен Өзгөндө чогулушта болдум. Мугалимдер айтып атат, талаадагы иштер бүтмөйүн, сентябрь айында бардык балдар мектепке бара албайт деп. Биз талаадан түшүм жыйнагандан кийин, аны сатып, кийим алгандан кийин барышы мүмкүн. 1-октябрда сабакты баштаса болбойт беле деген суроолор болду. Азыр биз катуу талап коюп атабыз, мектептерге балдарды тартыш керек. Окуймун деген балдарды, жарым жетим балдарды, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоолорду көрсөтүш керек.

Жергиликтүү талдоочулардын маалыматына таянсак, Ошто ата-энеси бар туруп ар кандай себептерден улам социалдык жетимчиликти башынан кечирип жаткан балдардын саны өткөн жылдарга караганда үч эсеге өскөн.

XS
SM
MD
LG