Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу чүйлүк мугалимдер менен жолугушту


БИШКЕК. 26-августта премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов Чүй облусунун мугалимдеринин август кеңешмесине катышты. Токмок шаарынын маданият үйүндө өткөн бул кеңешмеде Феликс Кулов өлкөнүн экономикалык абалына токтолуп, кырдаалдын бир топ татаалдыгын, экономиканы көтөрүү жаңы өкмөттун алдыдагы негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи. Жыйын андан-ары суроо-жооп иретинде уланып, мугалимдердин эмгек акысынын аздыгына байланышкан суроолор көп болду. Бул маселе өкмөттүн көңүл чордонунда экенин, келерки жылдан тарта айлык акыны көбөйтүү жолдору каралып жатканын белгилеген Феликс Кулов “Мугалимдерге жардам берүү саясий маселе, эгер биз жардам бербесек көптөгөн мугалимдерди жоготуп алабыз, чынында азыркыдай айлыкка жашоо – мүмкүн эмес” - деди.

Кеңешмеде мындан сырткары мугалимдердин жетишсиздиги, окуу куралдарынын аздыгы, мектептерди компьютерлештирүү сыяктуу маселелер да козголду.

XS
SM
MD
LG