Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

Президенттин ант берүү аземине ыңкылапка салым кошкон нарындыктардын катышпай калышына эмне себеп?


НАРЫН. Кыргызстан элдик кыймылынын, Кыргызстан коммунисттер партиясынын, бейөкмөт уюмдардын элүүгө чукул өкүлдөрүн облустун губернаторунун милдетин аткаруучу Жыргалбек Азылов 26-августта кабыл алды. Чогулгандар облус башчысынан 14-августтагы инаугурацияга эмне себептен март окуясына түздөн-түз катышы барлар, 24-мартта элдик бийликти орнотууга катышкандардан бир да өкүл барбагандыгын сурашты. Себеби буга чейин айрым адамдар инаугурация өткөн соң,Нарын облусунан баргандар мурдагы бийликтин камчысын чапкандар, алардын жакындары барды деп, облус башчысына кайрылуу жазышкан. Тизмени түзгөн шаар мэри, Нарын районунун акими, облустун аппаратынын жетекчиси жооп берсин дешкендерге Жаргалбек Азылов убадасын берип, чын эле айрым адамдар кантип тизмеге кирип калгандыгына таң калгандыгын билдирди. Азыловдун айтымында, парламенттик шайлоодо бөлүнүшкөн элдер акырындык менен стабилдүүлүккө келе баштады. Мындай проблема Нарын шаарында жана Нарын районунда бар экендигин баса белгиледи. Ал эми чогулгандар анын себебин элди сабатканга чейин барган айрым жетекчилер дагы эле өз орундарында отурушкандыктары менен түшүндүрүшүүдө.

XS
SM
MD
LG