Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Башкы прокуратура 27-июлдагы Коопсуздук кеңешинин чечими легитимсиз деп эсептейт


БИШКЕК. Президент, Коопсуздук кеңешинин төрагасы Курманбек Бакиев жок кезде өткөн 27-июлдагы Коопсуздук кеңешинин чечимдери легитимсиз жана юридикалык күчкө ээ эмес. Башкы прокуратура 26-августта ушундай билдирүү жасады. Башкы прокуратуранын мындай билдирүү менен чыгышына Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Вячеслав Хандын интервьюсундагы качкындарга байланыштуу билдирүүсү негиз берди. Анда Хан Башкы прокурор өз милдети менен кошо өзбекстандыктардын качкын макам алгандыгын жана үч өлкө кабыл алганы жаткандыгын да эске алышы керек деп билдирген. Коопсуздук кенеши 27-июлдагы отурумунда Ош СИЗОсунда кармалып турган өзбекстандык 29 жарандын качкын макамын алган 14үн бошотууну, калган 15ине байланыштуу да алардын 11и качкын макамын алгандыгын эске алуу менен чечим чыгарууну Башкы прокуратурага сунуштаган. Бекназаров болсо мындай демилгени колдогон эмес. Башкы прокуратуранын жума күнкү маалыматы боюнча качкын катары кабыл алууга даяр экендигин билдирген нота август айында гана Финляндия, Нидерланды жана Швеция өлкөлөрүнөн келген. Президент Курманбек Бакиевдин 25-августта өткөн Коопсуздук кеңешинде белгилегенине караганда качкындар маселеси кеңештин келерки отурумунда каралат.

XS
SM
MD
LG