Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:13

ИРАКТА КОНСТИТУЦИЯ ЧЫРЫ КАЧАН АЯКТААРЫ БЕЛГИСИЗ


Иракта Конституция долбоорунун тегерегиндеги талаштар уланууда. Багдаддык жетекчилер Баш мыйзам ашып кетсе дагы бир-эки күндө даяр болот дешкени менен, документ качан парламентте каралаарын азырынча так айтышкан жок.

Конституция долбоору дагы кеминде бир күн талкуулана турганын жума күнү Ирак парламентинин төрагасы Хажим ал-Хассани жар салды:

- Бүгүн суннилер, күрттөр жана Ирактагы башка тайпалардын катышуусунда сүйлөшүүлөр болуп өттү. Ал жерде парламентте басымдуулук кылган шийилердин “Альянс” тобуна кошумча сунуштар берилди. Бардык тайпаларды канааттандыра турган Баш мыйзамды даярдаш үчүн биз дагы бир күн иштөөнү туура таптык, Конституция кыска мөөнөттө даярдалчу документ эмес.


Эң башында 15-августта даярдалып бүтөөрү пландаштырылган Ирак Конституциясы анда бир жума кийинкиге жылдырылып, 3-жолу белгиленген мөөнөт боюнча ушул бейшембиде даяр болмок. Ал-Хассани Баш мыйзамдагы талаштуу маселелер боюнча мунаса табууга дагы канча күн талап кылынаарын таккесе айткан жок.


Ал тапта Конституциялык комитеттин мүчөсү, шийилердин өкүлү Али ал-Даббах бейшембиде кечинде документтеги эң маанилүү маселелер боюнча талаштар мурдагыдан да кызып кеткенине басым жасады:

- Федерация маселеси али чечиле элек. Сунни туугандарыбыз биз менен кызматташуу ниетин көрсөткөн жери жок. Алар биз кабыл ала албай турган катаал көз карашынан кайтчу түрү жок. Маселе чечилбеген бойдон.

Суннилердин өкүлү Хасиб Ареф “Нью Йорк таймстын” кабарчысына биз Башмыйзамдагы бир да талаштуу берене боюнча мунаса таба элекпиз, деп маалымдады.

Конституциядагы эң чырлуу маселе – Ирактын федеративдик түзүлүшү болууда, күрттөр менен шийилер өзүлөрү басымдуулук кылган чөлкөмдөргө автономия берилишин каалайт, суннилер андай болгондо Ирактын бүтүндүгү бузулат деп караманча каршы.

Багдадда саясий талаштар күч алып, Улуттук ассамблея төрагасы ал-Хассани Конституция долбоору парламентте талкууланбай түз эле 15-октябрдагы референдумда элдин таразасына коюлушу мүмкүн деп жарыялады. Сунни лидерлери Башмыйзамдагы чырлуу маселелерде убагында мунаса табууга жетише албаган парламентти таркатуу керек деп талап кыла баштады. Суннилер Конституция долбоору түз эле референдумга чыгарыла турган болсо, ага чейин эл арасында тескери үгүт жүргүзөбүз, деп убада кылууда.

XS
SM
MD
LG