Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:35

Мамлекет башчы Орусияга иш сапары менен барат


БИШКЕК. Мамлекет башчы Курманбек Бакиев үстүбүздөгү жылдын 4-5-сентябрь күндөрү Москва шаарына жумушчу иш сапары менен барат. Иш сапары учурунда ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен жеме-жеке жолугушат. Ошондой эле аталган өлкөнүн өкмөт башчысы Евгений Фрадков жана башка жогорку бийлик жетекчилери менен сүйлөшүү болот. Жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо маселери талкууланмакчы. «Иш сапардын күн тартиби толугу менен келээрки апта башында маалымдалат» - деп билдирди, президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Досаалы Эсеналиев «Азаттыктын» кабарчысына.

XS
SM
MD
LG