Бу Давэй түндүк кореялык бийлик өкүлдөрүн алты тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантууга көндүрүү үчүн аракет кылмакчы. Пхеньян болсо Түндүк Кореядагы адам укуктарынын абалына көз салуу боюнча атайын өкүлүн дайындаган АКШнын чечимине нааразылык билдирди. Өкмөттүк эң ири гезиттердин бири америкалык дипломат Жэй Лефковицти “ашкере консерватор” деп атап, Вашингтондун бул чечими алты тараптуу сүйлөшүүлөргө байланышкан маселеге кесирин тийгизерин эскертти.