Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Ирак парламенти Конституция долбоорун кабыл алды


Ирактын Улуттук Ассамблеясы кечээ өлкөнүн Башмыйзамы боюнча долбоорду жактырды. Акыркы эки жумадан бери долбоордун парламентте каралышы улам артка жылдырылып келген эле. Ирактык, америкалык жана европалык саясатчылар өлкөнүн Конституциясы боюнча долбоорду мактап, ирактырдарды 15-октябрда өтө турган референдумда документти колдоп берүүгө чакырышты.

Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Башмыйзамдын долбоору демократияны колдоочулар үчүн дем берээрине ишенээрин айтты:

- Ирактыктар арасында бул Конституция боюнча пикир-келишпестиктер болду. Албетте, мында талаш-тартыштар бар. Антсе да, биз калк өз талаптары менен сунуштарын таба алган Конституция боюнча дебаттар жана компромисстерди жараткан саясий жараян башталганынын күбөсү болуп жатабыз.

Лондондо Евросоюздун британиялык жетекчилиги Ирактын Конституция долбоорун “саясий жараяндагы маанилүү окуя” катарында баалап, жалпы ирактыктарды бул документти жактырууга чакырды.
Жумурияттын Башмыйзамын өлкөдөгү сунни-шийи мусулмандары жана күрттөр биргелешип талкуулашты. Бирок сунни мусулмандары анын акыркы вариантын жактырууга каршы болушту. Алардын ишениминде, документ бардык талаш маселелер боюнча мунаса таба алган жок. Андыктан парламентте кабыл алынган Конституциянын долбооруна суннилер кол койуудан баш тартышты. Анын үстүнө, документ парламентте добуш берүү аркылуу жактырылган жок. Ага шийи мусулмандары менен эле күрттөр кол коюшту.

XS
SM
MD
LG