Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

Президенттин сунушу Жогорку Кеңешке кечигип жетти


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиевдин премьер-министрлик орунга Феликс Куловдун талапкерлигин көрсөткөн сунушу Жогорку Кеңешке 29-августа түштөн кийин жетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен маалымдашты. Буга чейин чак түшкө белгиленген Жогорку Кеңештин мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук, Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин кеңейтилген кезексиз отуруму болбой калган. Анын себебин комитет төрагасы Камбаралы Конгантиев президент Курманбек Бакиевдин Феликс Куловду өкмөт башчылыкка көрсөткөн сунушунун комитетке келбей калышы менен негиздеген. Муну айрым депутаттар атайын уюштурулган тымызын аракеттердин башталышы катары сыпатташты.

Жыйынга катышуу үчүн келген Феликс Кулов сунуштун кечигишин техникалык себептер менен байланыштырды:

- Бул жерден кандайдыр бир максат көздөгөн тымызын аракетти (интрига) издештин кереги жок. Кимдир бирөө өз кызматына ак ниет мамиле жасаган эмес жана президенттин тапшырмасын өз учурунда аткарган эмес. Андан башка эч нерсе жок.

Ушундай эле пикирин президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарынбаев да билдирип, Бакиев сунушка 26-августта кол койгонун кабарлады. Анын айтымында, ишке жоопкерчилик менен мамиле жасабаган кызматкерге байланышкан маселе учурда каралып жатат.

XS
SM
MD
LG