Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

КЫТАЙДА ДА ЭМИ “СУПЕР КЫЗ” БАР


Кытайда өткөн "Монгол Жуурат Супер кыз" мелдеши өлкөнү дүңк эттирди. Америкалык Идол атаандаштыгы сыңарында, бул кароодо ырчы кыздар телевизор аркылуу миллиондорго таанылып, өзүнө теңтуш кыздардын түшүнө да кирбеген мансапка жетет.

“Крэнберис” тобунун «Зомби» деген ырын ырдап чыккан 21 жаштагы Ли Ючун - көзөлүп, шакек салынган киндиги ачык, чачын кыска кыркып, бирок желкесиндеги чачын белине түшүрүп өстүргөн, эрке кыздай өзүн эркин алып жүргөн кыз.

Ал поп-жылдыз дегенди билбеген өлкөдө көз ирмемде улуттук жылдызга айланды да калды. Сичуан провинциясынан келген кызды беш финалисттин ичинен тандоо чөнтөк телефон аркылуу кат жөнөтүү жолу менен жүргүзүлдү. 8 миллион чакты киши, негизинен жаштар ар бири америкалык доллардын 2 центине туура келген акы төлөп, "колдоо" катын жөнөтүштү.

Коммунисттик Кытайда "добуш берүү" деген сөздү этиеттүүлүк менен колдонушат. 400 миллион чакты киши телевизорго кадалып отуруп көргөн шоуда Ли Ючун 3 жарым миллион кишинин добушун алды.

«Супер кыз» мелдеши массалык маданияттын көрүнүшү болгону менен, Кытайда анын саясий угуту да жок эмес. Бул программа Бейжиндин өкмөттүк телестудиясында эмес, борбордон алыстагы чөлдүү Хунан провинциясында обого чыкты.

Эмне себептен "монгол жуурат" деп аталганын ким билсин, бул «Супер кыз» атаандаштыгына каалагандын баары катыша алды. Тотукуштай кубулуп, маралдай керилген, оозу оймоктой, кашы иймектей сулуулар гана эмес, кары-жашы дебей, ырчылык өнөрү менен көрүүчүлөрдүн көңүлүнө толгон кыз-келиндерге эшик ачык болду.

Өткөн жылы башталган ылгоого 120 миң кыз катышты. Алардын ичинен жума күнү кылыктанган назик мүнөз Жаң Лиң Йиң айтылуу Мадоннанын "Дон'т край фор ме, Аржентина", (Аргентина мен үчүн жашыңды төкпө) деген ырын ырдап чыгып, экинчи орунду алды.

Айрым социологдор «Супер кыз» аркылуу жогорку чөйрөлөрдөгү тандалмалардын маданиятына карапайым жаштардын үстөмөндүк кылып кеткендигин айтышууда.

Бирок Кытайдын мамлекеттин карамагындагы борбордук сыналгысы аны "адепсиздик менен чектешкен, элдин пикири менен чакмак ойногон программа" деп айтып чыкты. Ушуга байланыштуу келерки жылы ага тыйуу салынышы мүмкүн деп кыйытты. Эгер кааласа, монополдук укукка ээ болгон мамлекеттик каналдын жетекчилери «Супер кыз» мелдешин токтотуп кое алат.

Ал Хунан провинциясынан сателит аркылуу көрсөтүлгөн учурда мамлекеттик теленин рекламадан кирешеси төмөндөп кеткендиктен, Бейжиндин итатайы тутулуп жатат, деп шектенгендер да жок эмес. Бул сыналгыда мурда «Супер кызга» окшош мелдеш өтүп, бирок анысы көрөмандарга жакпай калган.

Өткөн жума күнкү мелдешти расмий Бейжиндин көзөмөлдөп жаткандыгы байкалбай койгон жок. Мисалы, мелдеш кызып калган тушта аскер формасын кийген офицер айым сахнага чыгып, Кытайды көкөлөтө мактаган патриоттук ырды ырдап кирди.

Экономикасы капитализмдин жолоюна түшкөнү менен, идеологиясы коммунизмдин тушоосунан арыла элек өлкөдө кыздар жөнүндөгү программа жигиттерди көңүл кош калтырган жок.

"Ли Ючин бой көтөрбөгөн, жөнөкөй кыз, сахнаны өзүнө баш ийдирет, оңой менен чаалыгып, чалынбайт. Узун чач өстүрүп, узун этек көйнөк кийбейт, кыздар тууралуу көндүм болгон көз караштарга туура келбейт. Ошондуктан ал - менин жүрөгүмдөгү супер кыз" деп айтты Ли Ючун жөнүндө Элдик университетте баракча таркатып турган студент жигит.

Ал эми айымдар өздөрүн ишенимдүү туткан, башкалар менен мамиле түзө билген кыздар болсун деген тилегин айтышты.

Супер кыздар жалаң эле жаштарды таң калтырган жок окшойт. Финалдык таймаш күнү кечинде ишкерлер менен жолугуша турган бир министрди жыйындын так алдында таппай калышат. Көрсө ал «Супер кыз» программасын көргөнү жылт коюптур.
XS
SM
MD
LG