Кызыл Чырым уюму тарыхта мындай катуу бороон-чапкын болгон эмес деп билдирүүдө. Башка маалыматтарга караганда, мынчалык каргашалуу кырсык бул аймакта 40 жылдан бери болгон эмес. Анын жакындашы менен Нью-Орлеанс шаарынын бийликтери калкты жапырт кетүүгө буйруду.
Жекшембиден тартып шаардын миллиондон ашык тургундары түп көтөрүлө сыртка агылып кете баштады. Деңиз деңгээлинен төмөн жайгашып, жээги бийик бетон тосмолор менен тосулган шаардан кеткен жолдор төшөнчү-жууркан, түйүнчөк жүктөлгөн машиналарга толуп чыкты. Тоодой толкундан тосмолор кыйрап, нөшөрлөп жааган жаандан көчөлөрдү эки карыш суу басат деген эскертүүдөн кийин Нью-Орлеанстын мэри Рей Нагин мындай билдирүү жасады:
- Бардыгы Нью-Орлеанс шаарын дароо таштап кетишсин. Эгер буга мүмкүнчүлүк жок болсо, баш калканч болууга жарайт деп аныкталган жайларга жашынышсын.
Мэр шаар тургундарын эвакуациялоо буйругуна жетиштүү көңүл бурууга да чакырды:
– Башка мүшкүл түшүп отурат. Мен тополоң-тозго шыкакчы болгум келбейт. Бирок эл түшүнүшү керек, абал өтө оор, кырсык өтө опурталдуу.
«Катерина» бороону бир тарабы Мексика булуңуна чыккан Луизиана, Миссисипи, Алабама штаттарына да коркунуч келтирүүдө.
АКШнын президенти Жорж Буш жекшемби күнү Луизиана жана Миссисипи штаттарына федералдык казнадан миллиондогон доллар чукул жардам көрсөтүүнү караган атайын мыйзамга кол койду. Буш ошондой эле жээкте жашаган элдерди ичкери карай шашылууга үндөдү:
– Бороон-чапкындын булуңдагы жамааттарга келтирген коркунучу өтө чоң. Ошондуктан, мен бардык атуулдарды өздөрүнүн жана үй-бүлөсүнүн амандыгын биринчи планга коюп, коопсуз жакка кетүүгө чакырам.
Бирок Нью-Орлеанста эле миңдеген киши шаардан чыгып кетүүгө чама-чаркы жетпей, көбү шаардагы жабык стадиондо түнөштү.
Каардуу “Катерина” төгөрөктүн төрт бурчундагы финансы базарларын да солкулдатууда. Мунайдын дүйнөлүк баасы баррелине 70 долларга жетти. Себеп дегенде, Америкада суу түбүндө өндүрүлгөн мунайдын көбү Мексика булуңуна туура келет, бирок бороонго байланыштуу жээкке жакын жерде турган мунай казуучу ишканалар токтоп калды, кайра иштетүүчү заводдор жапырт көчүрүлдү. Натыйжада мунай өндүрүшү кескин азайып кетти. Башка чыгымдар да жок эмес.
Нью-Орлеанс Миссисипи дайрасынын алабында жайгашкан, ал эми Миссисипи аркылуу АКШнын борбордук аймактарынан айыл-чарба товарлары чет өлкөлөргө экспортко ташылат. «Катерина» Миссисипини ташытып, жүк сакталуучу терминалдарды сууга толтурса, дайра аркылуу товар ташуу бир нече күнгө токтоп калышы мүмкүн, деп эскертишүүдө синоптиктер.