Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

МУНАЙДЫН БАРРЕЛИ 70 ДОЛЛАРГА ЖЕТТИ


АКШнын Мексика булуңунда эң бир каргашалуу бороон-чапкын мунай жана газ өндүрүшүн үзгүлтүккө учуратып, натыйжада мунайдын дүйнөлүк баасы баррелине 70 долларга чыгып кетти. Буга мунай өндүрүүчүлөрдүн ОПЕК каретелинин жетекчилиги тынчсыздануу билдирүүдө. Экспертердин божомолунда, мунайдын баасы дагы өсүп, баррелине 80 долларга жетиши мүмкүн.

Бангкогдогу Тай Самити деп аталган жеңил машинага бөлчөк чыгаруучу ишканада жумушчулар баш көтөрбөй иштеп жатышат. Бирок ишкананын вице-президенти Танаторн Жуаңруңруаңгит мунайдын кымбатташынан кирешени азайтып жаткандыгын билдирди:

– Мунайдын, чийки заттардын кымбатташы биздин кирешенин бир тобун жеп койду. Биз кымбатчылыкка байланыштуу кирешебиздин 5 пайызга чукулунан кол жууп калдык. Ишкердүүлүктө 5 пайыз деген олуттуу көрсөткүч.

Оорчулукка бир эле Тай Самити тушуккан жок. Азия мамлекеттери менен катар, энергия булактарын импорттоочу башка өлкөлөр да мунай баасынын 70 долларга чаап чыгышынын залалын көрүшүүдө.

Чындап келгенде бул - 80-жылдардагы баадан төмөн. Инфляцияны эске алып эсептегенде, бир баррел карамай ал кезде 95 долларга жеткен.

Мунайдын азыркы кымбатташы АКШнын түштүк жээгинде ушул дүйшөмбү күнү “Катерина” бороонунун кыйсыпыр салышына байланыштуу болду. Бирок кымбаттоонун узак мезгилдүү башка себептери да жок эмес.

Маучехр Такин - Лондондогу Энергетикалык Изилдөө Борборунун адиси. Анын айтымында, акыркы эки-үч жылда Кошмо Штаттарында, Кытайда жана башка жактарда экономика бир топ өстү, ошого жараша мунайга болгон талап да көтөрүлдү. Ал эми мунай жана башка энергия булактарын өндүрүү бул талапты канааттандыра ала турган деңгээлге чыга алган жок. Запастагы мунай да азайып кеткен. Мындай убакта мунай жетпей калат деген чочулоо күч алганы турулуу иш. Мисалы мунай наркынын өсүшүнө бул жумада «Катерина», өткөн аптада Эквадордо чакан ишкананын жабылышы түрткү болду.

Базарда чочулоо катуу, дейт Ослодогу Нордеа Банкынын мунай боюнча адиси Анетте Айнарсен. Анын айтымында, мунай базары суроо-талаптын анча-мынча өзгөрүшүнө да сезимтал келет.

Баанын өсүшү Мунай Экспорттоочу Өлкөлөрдүн уюму болгон ОПЕКтин жетекчилигинде тынчсыздануу пайда кылды. ОПЕКтин баш катчысы Анан Шихах-Элдин шейшембиде мындай кымбаттоого экономикалык жетиштүү негиз жок деп айтты.

Ал эми керектөөчүлөр баа өсө береби, же төмөндөбөсө да, кур дегенде басыгын жайлатабы деп кабатыр. Айрымдар мунайдын баасы 80-100 долларга жетиши да ажеп эместигин эскертишүүдө. Башкалардын болжолунда, «Катерина» бороону АКШнын мунай тармагына канчалык залака келтиргени такталганга чейин, баалардын өсөөр-коерун айтуу кыйын экендигин белгилеп жатышат. Алардын бири Нью-Йорктогу Опенхаймер жана Ишкана изилдөө борборунун аналитиги Фадел Гейт:

- Өндүрүш мурдагы калыбына келе албашы мүмкүн, узак мезгилде ушул кыйынчылыкты түзөт. Же мунай өндүрүү өтө жай өсүп отурат. Суук түшүп келатканын эске алганда, кыш адаттагыдан суук болсо, ошондо даана башыбызга мүмкүл түшөт.

XS
SM
MD
LG