Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

ДҮЙНӨ ТАТАРЛАРЫ КАЗАНДЫН МИҢ ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕДИ


Бүбүкан Досалиева, Прага шаары 30-августта Татарстандын борбор калаасы Казандын 1000 жылдыгына арналган салтанаттардын башкы иш-чаралары аяктады. Бул майрамга чакырылган дүйнө татарлары менен башка мамлекеттерден келген меймандар үчүн юбилейлик айрым шаан-шөкөттөр 2-сентябрга чейин уланып, мусулман дүйнөсү жөнүндөгү фильмдердин 5-сентябрда ачыла турган фестивалы менен аяктайт.

Казандын 1000 жылдыгын белгилөө 1999-жылы Орусия президенти Владимир Путиндин жардыгы менен бекитилген. Аны Татарстандын парламенти талкуулап, майрамды 30-августта өткөрүү чечимин кабыл алган. Ал эми 2000-жылы 1000 жылдыкты белгилөө боюнча федералдык программа түзүлүп, ага Орусиядагы 31 министрликтин катышуусу милдеттендирилген. Ага ылайык 1000 жылдыкты Татарстандын өзүндө гана эмес Орусиянын бардык аймагында белгилөө милдети алдыга коюлган. Мына ушул программа боюнча өткөрүлгөн иш-чаралар Казан гана эмес жалпы татар элинин рухий дүйнө таанымын жаңырткандай болду. Анткени, юбилейди утурлап, 26-августта КМШ мамлекет башчыларынын саммити, андан кийин 29-августта өткөн дүйнө татарларынын курултайы буга күбө.

Дүйнө татарларынын курултайына Орусиянын 61 аймагынан 639 делегат, 26 чет мамлекеттен 30 өкүл жана Татарстандын өзүнөн делегаттар катышты. Алардан тышкары Татарстандын өкмөт мүчөлөрү, ТҮРКСОЙ уюмунун башкы директору, Азербайжандын маданият министри Пулад Булбул оглы катышты. Бул курултайдын жалаң гана татар тилинде өткөнү майрамдагы башкы сенсация болду. Андан кем калышпаган окуя-мурда белгиленген иш-чарага карабай Татарстандын президенти Минтемир Шаймиевдин курултайга кире кеткени болду. Анткени, протокол боюнча ал курултайга катышмак эмес. Анын себебин Минтемир Шаймиев мындайча түшүндүрдү:

- Мен чынында өтүп кете албадым, жүрөгүм чыдабады. Бүтүн татарлар курултайга келип жатса, сиздердин жүзүңөрдү көрүп кетпесем туура болбос дедим, - деген Минтемир Шаймиев жалпы татарлардын көңүлүн эргите турган маалымат айтты:

- Орусия президенти Владимир Владимирович Путин биздин чоң театрыбызда өткөн жыйында орусча, анан татарча сүйлөдү. Бул биз үчүн зор урмат,- деп татарлар тууралуу ар кандай пикирлерди Путин четке кагып, алар көп элге үлгү болот деп айткандыгын да жарыя кылды.

Ал эми курултайда илим изилдөөдөн тарта Татарстанда ишке киргизилген жаңы технологияларга чейин айтылды. Бирок башкы маселе эне тилди сактоо жана өзүнүн эгемен мамлекеттүүлүгүнө ээ болуу маселеси болду. Аны Татарстанда “Иттифак” аттуу улуттук кыймылды түзгөн коомдук ишмер Фаузия Байрамова көтөрдү:

- Татарлар кайсы жерде болбосун Татарстандын өз эгемен мамлекетин түзүүгө умтулушу керек.

Ал эми Орусиядагы мусулмандардын муфтийи Равил Гайнутдин акын Тукайдын “Эне тилибиз, сулуу тилибиз чоң ата менен чоң эненин гана тили болуп калды” деген ырын эскерүү менен татар тилине жаштар азыркыдай мамиле кыла берсе ал таптакыр унутулаарын эскертти.

Казандын 1000 жылдыгындагы тарыхый дагы бир окуя искусство ишмерлерине арналып былтыр ачылган “Татар жылдыздары” аллеясына дагы эки жылдыз - опера ырчысы Мунира Булатова менен эстрада ырчысы Салават Фадхутдиновдун ысымдары жазылган тактайчанын орнотулганы болду. Мындай урматка ыраазы болгон Мунира Булатова аянтта ырдап да жиберди.

Казанда мындан тышкары ажайып кооз жай - муз сарай ачылды. Аянты беш гектарлык бул сарайда 12 миңден ашык адам катыша турган түрдүү иш-чаралар өткөрүлө баштады.

Ал эми 30-августтагы майрамды жыйынтыктоочу салтанаттар таң эртең менен асманга учурулган түрдүү батперек, шарлардын парады менен ачылып, асманды жапкан от оюндар менен аягына чыкты. Күнү бою меймандар Татар президентинин байгеси үчүн ат чабыш, Кабан көлүндөгү суу оюндары, театрлаштырылган оюн-зооктор жана чет жерден келген өнөрпоздордун концерттерине куштарланышты. Мындай оюн-шоокторго Кыргызстанда турган 47 миң татарлардын атынан өкүл болуп барган 20 адам да күбө болду.

XS
SM
MD
LG