Кечээ Франциянын президенти Жак Ширак Ирандын өзөктүк курал программасы боюнча иш Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешине бериле электе Тегеранды кызматташууга чакырды:
- Иран менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө дагы убакыт бар. Биз Тегеранды кызматташтык жана ишеним маанайына кайтууга, жоопкердикке чакырабыз. Эгер мындай болбосо, мен айтып коюшум керек, ишти Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши карай баштайт.
Ал ошондой эле Иранды Франция, Германия жана Британия берген сунуштарды карап чыгууга чакырды. Бул үч мамлекет Иран менен сүйлөшүүлөрдө Евросоюздун атынан чыгып жатышат. Ырасмий Тегеран алардын сунуштарын четке каккан. Иран өзөктүк программасы жалаң гана тынчтык максатында иштей урганын айткан, бирок АКШ Иранды өзөктүк курал жасап жатат деп айыптап келет. Андыктан, Тегеран ал программасынан баш тартышы үчүн Евросоюз ага бир катар кирешелүү экономикалык сунуштарды берүүнү убада кылган эле.