Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Жалалабаттагы эгемендик салтанатындагы оюн-зооктордун маңызын март ыңкылабына байланышкан окуялар түздү


ЖАЛАЛАБАТ. Эгемендик күнү экс-президент Аскар Акаевдин бийлигин кулатууну талап кылуу менен митингчилер 20 күн турган облбийликтин кең аянтында майрамдалды. Салтанатта чыгып сүйлөгөндөр үй-бүлөлүк башкарууну кулаткан март ыңкылабынан кийин өлкөгө чыныгы эркиндик, көз каранды эместик келгендигин белгилешти. Кыргыз тарыхынын урунттуу окуялары менен эгемендикке зор салым кошкон атактуу инсандар жөнүндө баяндаган теарлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлдү. Оюн-зооктордун манызын эски бийликтин тамырын бошоткон Аксы окуясы, быйылкы жылдын 4-мартынан 25-мартына чейинки облустагы саясий окуялар жана Аскар Акаевдин чет өлкөгө качуусун шарттаган 24-мартта Ак үй алдындагы кырдаал түздү. Майрамдык салтанаттар облустун район, шаар борборлорунда да улантылды. Эмгек жамааттарынын парады уюштурулду.

XS
SM
MD
LG