БИШКЕК. Парламенттин көпчүлүк депутаттары Феликс Куловдун талапкерлигине макулдугун беришет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” билдирди. Анын пикиринде, президенттик шайлоо алдындагы Бакиев-Кулов тандемин парламент колдогондон кийин ошол позициядан тайбагандыгын көрсөтүш керек. Жайкы эс алууга тараган Жогорку Кеңештин депутаттары 1-сентябрда кайра ишке киришет. Спикер билдиргенге караганда, эс алуудан кийинки жыйындарда өкмөт башчыны жана өкмөтүен курамын бекитүү, Айдар Акаевди жоопко тартууга уруксат берүү өңдүү бир катар маанилүү маселелер каралат.