Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

БЕСЛАНДЫК ЭНЕЛЕР ЧЫНДЫКТЫ БИЛГИСИ КЕЛЕТ


Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы трагедияга 1 жыл болду. Былтыр 1-сентябрда шаардын номур 1-мектебиндеги окуучулар, ата-энелер менен мугалимдер барымтага алынып, натыйжада 330дан ашык киши ажал тапкан. Аза күтүп, кара кийнген Бесландын тургундары “Каза болгондордун саны эмне үчүн ушунча көп болду? Кан төгүүгө кантип жол берилди?” - деген суроолорго жооп алыша элек.

Ошол кандуу окуяда 16 жаштагы кызынан айрылган Галина Дагуева Кариманын мүрзөсүнө бөтөлкөгө куюлган таза суу алып келди. Барымтачылар 3 күн бою балдарга суу бербей кыйнашкан эле.

1-сентябрда Бесландагы номур 1-мектепке окуядан аман калгандар, курман болгондордун жакындары келишти. Имараттын урандыларында мерт кеткендердин сүрөттөрү илинип турду.

Кавказда алыскы туугандар да бири бирине абдан жакын болушат эмеспи. Психолог Александр Венгер бүтүндөй калаа чоң травмага дуушар болду дейт:

- Жабыркагандардын арасында жакын тууган-уруктары жок болгондорго да шаардагы жалпы маанай чоң таасир этти. Аяк-учу көрүнбөгөн жаназалар, аза күтүү, көчөлөрдө жалаң кара кийнген адамдар. Мунун бардыгы таасир тийгизбей койбойт!

Дарыгер трагедиядан аман калган балдарга шок абалынан чыгуу үчүн 3 жылдай убакыт керек деп ырастайт. Бирок Бесландын калкы жаракаларды айыктыруу үчүн алаамат жөнүндө бүт чындыкты билгиси келет.

Орусиянын бийлиги кызыл кыргынга алып келген барымтачылар менен федералдык атайын кызматтар ортосундагы тирешүү тууралуу так маалымат бере алган жок. Бир нече суроого алигиче жооп алына элек.

Аткылашуу кантип, эмне үчүн башталган? Чатырдын урашына себеп болгон өрт эмнеден келип чыкты? Кол салгандар эң жакшы кайтарылган деген жолдор аркылуу Бесланга кантип кире алышты?

Көпчүлүк бесландыктардай эле Израиль Тотонти бийликтегилердин Чеченстандын эгемендигин талап кылган барымтачылар менен сүйлөшүүгө барбай коюшкандыгына абдан ачууланат:

- Ошол террористтер киши өлтүргүчтөр, жырткычытар экени талашсыз. Бирок сөз балдардын өмүрлөрү тууралуу жүрүп жатканда бардыгына баруу керек эле. Кызматы канчалык жогору болсо ошол адамдын күнөөсү ошончолук чоң деп ойлойм. Бардыгыбыз күнөөлүбүз. Алар жок, биз болсо жашап жатабыз.

Тергөө окуядан көп узабай башталган эле. Ушу тапта аман калган барымтачы Нурпаши Кулаевтин үстүнөн сот уланып жатат. Бирок Беслан энелеринин комитети болсо өкмөт кан төгүү үчүн жооптууларды жаап-жашыргысы келет деп эсептейт:

- Окуянын ушундай өнүгүшүнө жол бергендер жазаланышы керек. Кулаев менен кошо Путинден баштап башкалар да отурушу керек. Мен Путиндин 1999-жылы берген интервьюсун унутпайм. Анда ал: “Биз террористтерди бадырапканада болсо да жанчабыз” - деген эле. Менимче, Путин бул жолу бадырапкананы мектеп менен алмаштырып алды, - деп кейит комитеттин мүчөсү, кайгылуу окуяда апасы менен уулун жоготкон Залина Губурова.

Бир жылдан бери бесландык энелер президент менен жолугуша алышпай жүрүштү. Кечээ, жакында гана алар Кремлге чакыруу алышты. Бирок жолугушуу 2-сентябрга, башкача айтканда аза күтүү күндөрүнө туш болгондуктан, комитеттин айрым гана мүчөлөрү Москвага барып, арыз-муңун айтканга күч топтой алышты.

“Биз Путиндин оозунан чындыкты уккубуз келет”, - дешет кайгыга баткан бесландык энелер.

XS
SM
MD
LG