Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:48

Кулов депутаттардын суроолоруна жооп берди


БИШКЕК. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов өкмөттүк башкаруу жөнөкөй, ошол эле учурда башкарууга кудуреттүү болушу керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроолоруна ылайык билдирди. Бул жагынан президент Курманбек Бакиев менен пикирлери 90% дал келет. Ушундай пикирдеги Кулов министрликтердин, комиссиялардын кыскартыларын кабарлады. Феликс Кулов ошондой эле кышка даярдыкты татаал маселе катары белгиледи. Анын айтымында, Өзбекстандын газы үчүн карыздарды жеңилдетүү максатында азыр өкмөткө 5 миллион доллар акча табуу зарылчылыгы бар. «Кыргызгаз» акицонердик коомунун маалыматына караганда, Кыргызстан «Узтрансгазга» 1 миллион 200 миң доллар, «Казтрансгазга» 17 миллион доллар карыз. Өзбекстан быйыл Кыргызстандын түндүк аймагы үчүн газ сатуудан баш тартты.

XS
SM
MD
LG