Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Парламентти таратууга кол топтоочулар коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканын айтууда


ЖАЛАЛАБАТ. «Эркиндик» саясий партиясынын Жалалабад облустук бөлүмүнүн маалыматына караганда, парламентти таркатуу максатында кол топтоп жаткандарды коркутуп-үркүтүүлөр болууда. Мындай маалымат «Эркиндик» партиясынын облустук бөлүмүнөн алынды. Партиянын обулустук бөлүмүнүн жооптуу катчысы Кылычбек Маматаев телефондук коркутуулар Жогорку Кеңеш депутаттарынын күйөрмандары тарабынан болгондугунан күмөн саноодо. Ал партиянын облустагы жетекчиси менен макулдашкандан кийин июль айынан бери улантылып келаткан телефондук коркутуу фактысын териштирүүнү тиешелүү уюмдардан өтүнөөрүн билдирди. Жооптуу катчы маалымдагандай, парламентти таратуу жана референдум өткөрүү боюнча кол топтоолор мындан ары да улантыла берет. Жалалабат шаары менен Сузак районунан партиянын демилгесин 15 миң адам колдоп, кол койгон. Кол топтоо иши бир эле учурда башка район-шаарларда да жүрүп жатат. Тогузторо районунан башка облустун бардык аймактарында партиянын жергиликтүү уюмдары ачылган.

XS
SM
MD
LG