Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:06

Пакистан Израил менен ырасмий байланыш түзөөрүн ырастады


Пакистан Израилге делегация жөнөтүүнү мерчемдөөдө. Бирок жөөт мамлекетин ырасмий түрдө таанууга али даяр эмес. Президент Первез Мушаррафтын билдиришинче, күнкорсуз Палестин мамлекети түзүлмөйүнчө, Исламабад Израил менен дипломаттык мамиле түзбөйт.

Тышкы иштер министри Куршид Касури Пакистан жөөт тургундарын Газадан чыгарып кетүүнү оң жышаан катары баалаганын маалымдады:


- Пакистан Израилдин Газаны оккупациялоону токтотконуна өтө зор маани берет. Биз муну израилдик басып алуучулукту аяктоо жараянынын жана Израил менен тынчтыкта жана ынытмакта жашаган Палестин мамлекетин куруунун башталышы катары баалайбыз. Пакистан, ошондон улам, Израил менен мамиле түзүүнү чечти.

Кечээ бейшемби күнү Ыстамбулда Пакистандын жана Израилдин тышкы иштер министрлери биринчи ирет ырасмий деңгээлде кездешкен.

XS
SM
MD
LG