Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

ФУТБОЛ: ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КУБОГУ - НАРЫНДЫН “ДОРДОЙ-ДИНАМОСУНДА”


Футбол боюнча өлкөнүн эгемендүүлүк кубогунун финалдык беттешүүсү ар жыл сайын 31-августта өткөрүлүп келген. Бул жолу борбордук “Спартак” стадионунда майрамдык зоок уюштурулганынан улам, оюн 1-сентябрга жылдырылып калды. Ошентип 1-сентябрь күнү кечинде футбол боюнча эгемендүүлүк кубогунун жеңүүчүлөрү аныкталды.

Кыргызстанда футбол боюнча эгемендүүлүк кубогу он төрт жылдан бери өткөрүлүп келатат. Өлкөнүн футбол чемпионаты жогорку жана биринчи лигада өткөрүлүп, ага тандалган 12-13 команда гана катышса, эгемендүүлүк кубогуна өлкөнүн бардык аймагындагы футболчулар күч сынашууга укуктуу. Быйыл мындай таймашууга алгачкы этапта өлкө боюнча 64 команда мөөрөй талашып, анын 32си экинчи этапка чыккан. Алардан мыктылары иргелип 16 команда чейрек финалга укук алышкан. Төртүнчү этапта 8 команда калып, 4 мыктысы жарым финалга чыккан. Биринчи жарым финалда Нарындын “Дордой- Динамо” командасы Бишкектин “Шоро-СКА” командасын утуп, баш байгеге талапкер болгон.

Экинчи жарым финалда Карасуунун “Жаштык-Акалтын” командасы менен Аравандын “Альфагир” командаларынын ортосундагы таймашууда карасуулуктар жеңишке жетишкен. Баш байге үчүн Нарындын “Дордой- Динамо” командасы менен Карасуунун «Жаштык – Ак алтын» командасы былтыр Ош шаарында атаандашып, 1:0 эсебинде нарындыктар жеңип, эгемендүүлүк кубогунун ээси болушкан.

Быйыл да эки команда футбол таласында беттешип, оюндун биринчи бөлүгүндө нарындыктардын чабуулдары жыйынтык бербей эсеп ачылган жок. Карасуулук дарбазачы Ризо Машарипов командасын бир нече ирет сактап калды.

Эгемендүүлүк кубогунун финалдык беттешүүсүнө катары менен беш ирет чыккан Карасуунун “Жаштык-Акалтын” командасы тууралуу Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары Бообек Кадыркулов буларды айтты:

- Карасуулуктардын жыл сайын чеберчилиги жогорулап, чыныгы атаандаш катары таанылууда. Ал түгүл өлкөнүн чемпиондугуна да негизги талапкерлердин бири. Оюн курч мүнөздө болду. Эгерде карасуулук жигиттер 2-3 ирет топту таамай тепкенде, ийгиликке жетмек. Ыңгайлуу бир нече учурду колдон чыгарышты.

Ал эми экинчи таймда карасуулук жигиттер тең ойноп, атаандашына алдырбоого аракет кылышты. Оюндун 70-мүнөтүндө “Дордой- Динамо” командасынын чабуулчусу Сергей Чикишев эсепти ачып, карасуулук дарабазачы Ризо Машариповду дарбазадан топту алып чыгууга аргасыз кылды.

Ошентип, былтыркыдай эле 1:0 эсебинде Нарындын “Дордой- Динамо” командасы экинчи ирет эгемендүүлүк кубогунун ээси болду. Былтыр да футболдон өлкөнүн чемпиондугун жеңип алган “Дордой- Динамо” командасы өз жеңиштерин коргоп калууга аракет кылып жатканын команда жетекчиси Рысбек Мааткабылов айтып берди.

- Командабыз бул таймашууга жакшы даярдык көргөн. Чынында ири эсеп менен финалда утушка жетишүү кыйынга турат. Себеби, баш байге үчүн күч сынашуу- өтө опурталдуу жана жооптуу. Былтыркы ийгиликти колдон чыгарган жокпуз. Биздин команданын ийгилиги - футбол күйөрмандарынын жеңиши.

“Турнирдин мыкты дарбазачысы” деген сыйлыкка Карасуунун “Жаштык-Акалтын” командасынан Ризо Машарипов арзыды. Ошондой эле “Эгемендүүлүк кубогунун таймаштарынын эң мыкты оюнчусу” деп “Дордой- Динамо” командасынын чабуулчусу Талант Самсалиев таанылды. Мыкты оюнчу Талант менен жолукканда эми чемпиондукту коргоп калуунун зарылдыгын белгиледи:

- Бул жеңиш биз үчүн жооптуу жана сыймыктуу. Себеби, алдыга коюлган биринчи гана милдетти аткардык. Эми экинчи милдет - өлкөнүн чемпиондугун коргоп калуу турат. Бул үчүн кайрадан даярдык көрүүбүз зарыл.

Эгемендүүлүк кубогун Нарындын “Дордой- Динамо” командасына өлкөнүн футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиев тапшырды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG