Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Жаңы Орлеанга жардам жиберилүүдө


Жамгыр аралаш бороон-чапкындан кийин ачык асман алдында калган Жаңы Орлеан шаарына азык-түлүк жана башка буюм-тайымдарды ташыган машиналар АКШнын аскерлеринин коштоосунда келүүдө. Улуттук гвардиянын жоокерлери ташкындын туткунунда калган калайыкты коопсуз жайга көчүрүүгө жана аларды азык менен камсыз кылууга, талоончулардан запкы чеккен аймактарда тартипти калыбына келтирүүгө көмөктөшүүдө. Кечээ президент Жорж Буш ташкында калган аймактарды кыдырып чыкты. Эл аралык отун-кубат агенттиги күйүүчү май тартыш болгон АКШга 60 миллион баррел мунай жардам берээрин жарыялады.

XS
SM
MD
LG