Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:52

Жапондук туристтердин сөөгү табылды


Ооганстандын дарыгерлери өлкөнүн түштүгүндө сөөгү табылган аял менен эркектин ким экендигин такташты. Алар Жапониянын Хиросима шаарынан Ооганстанга турист болуп келишкен мугалимдер экен. Жапон атуулдары август айынын башынан бери табылбай жаткан. Алардын сөөгү Кандагар менен Кабулдун ортосундагы талаадан табылды. Ал эми жума күнү Кандагар дубанында 5 оогандык адам уурдалды. Полициянын маалыматы боюнча, алар Горак районунун башчысы, депутаттыкка бир талапкер жана башка үчөөнүн ким экендиги белгисиз. Аларды уурдоого жоопкерчиликти талиптер өзүнө алышты.

XS
SM
MD
LG