Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:41

Орусия Бесланда каза болгондорду эскерди


Бүгүн Бесланда 331 коңгуроо кагылып, асманга 331 үйлөнгөн шар учурулду. Муну менен өткөн жылы барымтага алынып, каза болгон 331 адам эскерилди жана каза болгондорго арналып эстелик ачылды. Ишемби күнү Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңештин жыйынын өткөрүп, Башкы прокуратуранын атайын тергөө тобун Бесланга жиберди жана бардык жагдайларды дыкат иликтөөгө тапшырма берди. Ал Беслан окуясынын табышмак бойдон калган көп жагдайларын иликтөөгө кечээ “Бесландагы энелер” комитетинин өкүлдөрү менен жолугушууда убада берген. Бул окуяны эскерүүгө арналган иш-чаралар Европанын бир катар шаарларында да болду.

XS
SM
MD
LG