Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:07

МАЙЛУУСУУДАГЫ УРАН КАЛДЫКТАРЫНЫН КОРКУНУЧУ


Майлуусуу шаарында 1947-1966-жылдар аралыгында байытылган урандар менен Жапония, Германия жана Чехия өлкөлөрүнөн ташылып келинген уран калдыктары шаардын атына уйкаш дарыянын жээк-бойлоруна көмүлгөн. Шаарда жер көчкү жана суу ташкыны жүргөн сайын Фергана өрөөнүнө залалын тийгизүүчү уран калдыктары коомчулукту кооптонтот. Анткени урандын сарыккан суулары дарыяга агып түшүп, Кыргызстан, Өзбекстан,Тажикстан аркылуу жүрүп олтуруп, Сыр дарыяга жетүүсү ыктымал.

Элүү жыл мурун Майлуусуу шаарында байытылган урандан жана чет өлкөлөрдөн ташылган урандан калган калдыктар коомчулукту тынчсызданткан маселе бойдон калууда. Алар 23 жерге көмүлгөн. Жергиликтүү калктын байкоосуна караганда жер көчкү, суу ташкын өңдүү табият кырсыктары болгон сайын уран калдыктарынын ачылып кетүү процесси тездейт. Урандын сарыккан суулары шаарга аты уйкаш дарыяга агып түшүп, бүтүндөй Фергана өрөөнүнө коркунуч түзүлөт.

- Мурдагы уран калдыктарынын зыяндуу тектери Майлуусуу суусуна түшүп кетиши мүмкүн. Майлуусуу суусуна түшсө суу менен агып бир гана Майлысай эмес Фергана өрөөнүндө жашаган элге, табыйгатка, жаныбарларга зыян келтириши мүмкүн, - деди ал жөнүндө шаардын мурдагы башчысы Тилек Акамбаев.

Уран калдыктары калктын ден-соолугуна залал тийгизүүдө. 1995-жылдан бери Майлуусуу проблемасын изилдеп келаткан Улуттар Академиясынын Түштүк бөлүмүнүн адистери аймакта өпкө рагы жана аялдардын боюнан түшүүсү менен балдардын оорусунун күчөгөнүн байкашкан. Академиянын Оштогу бөлүмүнүн өкүлү Рахманбек Тойчуев бул боюнча мындай дейт.

- Өпкөнүн рагы, ичеги карындагы рак кеселдери да көп. Айрыкча тубаса ооруу менен төрөлгөн балдардын саны көп. Кээ бир жылдары ооруулуулардын саны 8, 17 пайызга чейин жетет. Майлуусуунун шартында 13-15 пайыз аялдардын боюнан түшөт. Боюнан түшөт деген сөз ошол балдардын 95 пайызы тубаса орруу менен ооруйт деген сөз .

Былтыр Кыргыз жана Жапон өкмөттөрү менен Дүйнөлүк Банк уран калдыктарынын зыяндуулугун азайтуу үчүн 11 миллион 700 миң доллардык долбоор түзгөн. Ага ылайык, ушул айда уран калдыктуу жайларды бекемдөө, кошумча каналдарды куруу иштери башталат.

Облустук чукул кырдаал жана экология Башкармасынын жетекчиси Пайзулла Кенжебаев түшөөрү күтүлгөн көчкүлөрдү «Нарын гидрокурулуш» ишканасы башка жакка жылдыраарын билдирди:

- Көчкү коркунучун жеңилдетүү жана уран калдыктарын бекемдөө максатында кайрадан бетондоо жана көчкү коркунучун азайтуу иштери жургүзүлөт. Приборлор бар, уран радиациясын текшерип турган. Бүгүнкү күндө саатына 20 рентген, бул нормадан өтө төмөн. Ар жылы көзөмөлдөн өтүп турат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG