Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Жаңы Орлеандан калкты көчүрүү улантылууда

Бийликтер бир нече күнгө созулган баш аламандыктан кийин Кошмо Штаттардын түштүк жээгиндеги Жаңы Орлеан калаасында тартипти орнотушту. “Катрин” бороон-чапкыты баскандан кийин эптеп күн көрүп жаткан миңдеген адамдардын акыркыларын шаардан автобус, учак жана поезд менен чыгаруу улантылууда. Аскерий черүү ууру-кескиликти тыйды. Топон сууда канча адам каза тапканы али такталууда.

Жапониянын түштүк бөлүгүнө кубаты “Катрин” харриканына жете берген бороон -чапкыт келип урушу мүмкүн экени кабарланды. “Көпөлөк” деп аталган бороон Кытайдын чыгыш жээгине эртең жетээри болжолдонууда.
XS
SM
MD
LG