БИШКЕК. 5-сентябрда Жогорку Кеңеште «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндөгү» Конституциялык мыйзам карала байштайт. Аталган мыйзам долбоору өкмөт тарабынан даярдалып, буга чейин парламенттин биринчи окуусунан өткөн. Мыйзам долбоорунда өкмөттүн ыйгарым укуктары менен милдеттери аныкталган. Саясатчылардын пикиринде, аталган мыйзам тезирээк кабыл алынууга тийш жана анда өкмөткө көбүрөөк ыйгарым укуктар берилиши керек.
Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов мындай дейт:
- Өкмөт жөнүндө сөзсүз Конституциялык мыйзам болушу керек. Аны батыраак кабыл алуу керек. Өкмөттүн ыйгарым укуктарын ачык, так жазыш керек. Кээ бир чарбалык иштерге байланыштуу маселелерди, социалдык, экономикалык, маданий тармактарда оперативдүү түрдө чечүү боюнча укуктардын баарын өкмөткө өткөрүп берүү абзел.
Парламент «Өкмөт жөнүндөгү» мыйзамды кабыл алгандан кийин, депутаттар өкмөттүн курамына көрсөтүлгөн талапкерлерге макулдук берүү маселесине киришет.