Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:45

Тик учактын кырсыкка учурашынын себептери жакында жарыяланат


БИШКЕК. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу тик учактын Хантеңир чокусунун аймагындагы Туштүк Эңилчек тоо кыркасында 6-август күнү кырсыкка учурашынын себептери боюнча атайын комиссиянын корутундусу 20-сентябрга чейин жарыяланат. Бул тууралуу 4-августта авиациялык кырсыктарды иликтөө боюнча комиссиясынын мүчөсү, Өзгөчө крыдаалдар министрлигинин алдындагы авиация департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Алик Эмрулов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, комиссиянын курамына авиация департаментинин, өлкөдөгү күч структураларынын өкүлдөрүнөн тышкары Москвадагы тик учак куруучу, Украинадагы тик учактын тетиктерин чыгаруучу заводдорунун өкүлдөрү да бар. Алик Эмруловдун айтымында, кырсыктан оор жараат алып, денелери күйгөн тик учактын бортунда болгондор Алексей Волошин менен Рыспек Абдылдаевдин саламаттыгы канааттандырарлык. Алексей Волошин ооруканадан чыгарылды. Ал эми Рыспек Абдылдаев азырынча шаардагы №4-ооруканада. Кырсыкка учураган тик учакта германиялык, австриялык жана орусиялык 10дон ашуун турист да болуп, алар кандайдыр бир оор жараатка учурашкан эмес.

XS
SM
MD
LG