Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Президент Курманбек Бакиев Москвага иш сапары менен жөнөп кетти


БИШКЕК. 4-сентябрда президент Курманбек Бакиев баштаган кыргыз делегациясы Москвага иш сапары менен жөнөп кетти. Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев бул иш сапар тууралуу ушул эле күнү «Азаттыкка» буларды билдирди:

- Эки күндүк иш-сапарынын учурунда Курманбек Бакиев Орусиянын президенти Владимир Путин, премьер-министри Михаил Фрадков, Москванын мэри Юрий Лужков жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Борис Грызлов менен жолугушат. Тараптар Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы эки тараптуу саясий, экомикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алышат. Эки президенттин билдирүүсү кабыл алынат. Ырасмий жолгушуулар 5-сентябрда өтөт. Ушул эле күнү кечинде делегация Кыргызстанга кайтат.

Маалыматтарга караганда, сапар учурунда Кыргызстандын Орусияга болгон карызын реструктуризациялоо боюнча келишимге кол коюлушу күтүлүүдө. Буга чейин - 26-августта Орусия менен Кыргызстандын каржы министрликтеринин өкүлдөрүнүн ортосунда аталган келишимдин долбоору талкууланган. Кыргызстандын Орусияга болгон карызы үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата 181 млн. АКШ долларын түздү.

XS
SM
MD
LG