Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Бул аптада өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө арналган көптөгөн маданий иш чаралар өттү. Маселен, мамлекеттик тарых музейинде “Жаңы Кыргызстан” деген фото көргөзмө ачылды. “Спартак” стадионунда театрлаштырылган оюн-зоок болду. Эгемендик майрамына арналган мындай маданий иш чаралар республиканын бардык аймактарынада өткөрүлдү.

Аптанын дүйшөмбү күнү мамлекеттик тарых музейинде эгемендүүлүк күнүнө арналган “Жаңы Кыргызстан” деген аталыштагы көргөзмө ачылды. Анда Аксы окуясын, 24-марттагы ыңкылапты, Президенттин ант берүү аземин чагылдырган фотодокументалдык материалдар көрсөтүлдү.
Ушул эле күнү Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда республикалык “Айтыш” коомдук фонду уюштурган, байгеси беш жүз миң сомду түзгөн чоң айтыш өттү. Ар жылы эгемендик майрамын утурлап өткөн бул айтыш былтыр Токтогул Сатылгановдун жүз кырк жылдык мааракесине арналса, быйыл улуу акын Арстанбек Буйлаш уулунун жүз сексен жылдык мааракесине арналды.

Эки күнгө созулган төкмө ырчылардын бул сынагында 14 акын ат салышып, жыйынтыгында үчүнчү орунга Нарындан келген акын Жылдызбек Алыбаев, экинчи орунга Майра Керим кызы, биринчи орунга Жыпар Кожокеева ээ болду.
Жылда бул айтышта баш байгеге автоунаа коюлуп келген болсо бул жолу жеңүүчүгө беш миң АКШдоллары ыйгарылды. Мына ошол сыйлыкка Таластан келген жаш акын Аалы Туткучев татыды.

***

Шаршемби күнү Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн он төрт жылдыгы белгиленип, ага карата борборубузда ар кандай маданий иш чаралар өткөрүлдү. Маселен “Спартак” стадионунда театрлаштырылган оюн -зоок болуп өттү. Ошондой эле кыргыз цирк өнөрпоздору Бишкектин тургундарына жана меймандарына өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Эгемендик майрамы Кыргызстандын бардык аймактарында майрамдалды. Талас областындагы эгемендүүлүктүн он төрт жылдыгын белгилөө салтанатынан дубандагы кабарчыбыз Машакбай Рахманкул уулунун баянын сунуштайбыз.

Таластагы салтанатка тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева баштаган министрликтин жооптуу кызматкерлери келип катышканы элдин жаңы бийиликке карата үмүт арттыруусун күчөткөндөй болду. Министрдин айтымында, Талас областына инвестиция тартууга Индия, Израил, Түркиядагы кыргыз элчиликтери милдеттендирилип, иш жүргүзүп жатат. Салтанат адаттагыдай эле областтык маданият кызматкерлери даярдаган театралдаштырылган көрсөтүү менен башталды. Салтанат бийлик өкүлдөрүнүн куттуктоо сөздөрүнөн кийин областагы күч органдарынын кызматкерлеринин парады жана көрсөтмөлүү таймашуулары менен улантылды. Алтымыштан ашуун областык мекеме, ишкана, уюмдардын, билим берүү жана саламаттыкты сактоо жамааттарынын демонстрациясы эки саатка чукул уланды. Майрамдык салтанаттар стадиондо, шаардык ат майданда спорттук жана улуттук оюн-зооктор менен, Атай Огонбаев атындагы музыкалык мектептин алдында жаштардын концерт тамашалары менен коштолду.

Москвадан келген конокту кепке тартканыбызда эгемендик майрамы тууралуу буларды айтты:

- Менин атым Толкун, Москва шаарынан келдим. Ал жакта Франциянын элчилигинде иштейм. Чет жакта жүргөн кыргыздар “Туулган жердин топурагы алтын”дегендей Кыргызстаныбыздын баркын аябай эле сезебиз. Ошондуктан быйыл ушул эгемендүүлүк майрамга туш келип калайын деп эс алуу күндөрүмдү бөлүштүрүп, туулган жерим Таласка келдим.

Эгемендүүлүктүн он төрт жылдык салтанаты түн бир оокумда фейерверк менен жыйынтыкталды.

***

31-август күнү эгемендик майрамы менен кошо Баткен районунун 70 жылдык мааракеси да белгиленди. Бул кош майрам тууралуу Баткендеги кабарчыбыз Сабыр Абдумомуновдун баянынан таанышыңыздар.

Баткен районунун 70 жылдыгы 30-август күнү түшкө жакын Баткен маданият үйүндө өткөн салтанаттуу жыйындан башталды. Жыйынга Баткен районуна кызмат кылган көрүнүктүү инсандар, кошуна Тажикстандын Исфара районунун акими Мухиба Якубова жана Өзбекстандын Сох районунун акимчилигинен өкүлдөр келишти. Жыйында Баткен районунун өнүгүшүнө өз салымын кошкон 100 инсанга «Баткен районуна 70 жыл» деген төш белгилер тапшырылды. Ал эми көрүнүктүү маданият чеберлеринин келишин күткөн эл, бир гана обончу Аппаз Жайнаковтун эки чыгармасына күбө болушту.

Майрамдын уландысы 31-август күнү борбордук стадиондо эгемендик майрамы менен кошо белгиленди. Майрамга күбө болгон Баткен шаарынын тургуну Алтынбек Ашымов райондун 70 жылдыгына арналган маараке начар уюштурулганын белгилейт:

- Студенттердин да, окуучулардын да көңүлү суз болду, себеби ал жердеги кийим кечелер, көрнөктөр да аябай начар, эл дагы аз болду. Менимче, бул жергиликтүү бийликтин жеткиликтүү көңүл бурбагандыгында болуш керек.
XS
SM
MD
LG