Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:59

НЬЮ-ЙОРКТО БУУда ИШТЕГЕН ДАГЫ БИР ОРУСИЯЛЫК ЖАРАН КАМАККА АЛЫНДЫ


Өткөн жума күнү Нью-Йоркто Орусия жараны Владимир Кузнецов камакка алынды. Ал Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясынын бюджеттик комитетинин мурдакы төрагасы. 48 жаштагы дипломат мыйзамсыз акча операцияларын жасады деп күнөөлөнүүдө. Ай башында БУУнун соода камсыздоо кызматынын жооптуу кызматкери Александр Яковлев Иракка азык-түлүк сатууга кызыкдар компаниялардан 1 миллион доллар пара алды, деп айыпталып камалган.

Бейшемби күнү кечинде БУУнун Башкатчысы Кофи Аннандын буйругу менен, Кузнецов дипломаттык кол тийбестик укугунан ажыратылган эле. Эртеси күнү орусиялык жаран ресторанда тамак ичип жаткан жеринен камакка алынды. Ал Кариб деңизиндеги Антикуа аралында “Никэл” деген офшордук компания ачып, 2000-2005-жылдары ал жакка мыйзамсыз жолдор менен тапкан акчаларын которгон, деп күнөөлөнүүдө.

БУУнун Башкатчысынын өкүлү Мария Окабэ айым Кузнецовдун ысмы мекендеши, Улуттар Уюмунун жооптуу кызматкери Яковлевдин ишин тергөө учурунда пайда болгонун ырастады:

- Бул иш Яковлев мырзанын ишин тергөөнүн жүрүшүндө ачылды. Биз Улуттар Уюмунун Ички көзөмөл кызматынын демилгеси боюнча башталган тергөөнүн жүрүшүндө АКШ бийликтери менен кызматташып жатабыз. Бул иш канчалык жайылганын жана жаңы маалыматтар табылабы, аны билбейбиз.

Александр Яковлев өзүнө коюлган күнөөнү мойнуна алган жана 60 жылга эркинен ажырашы мүмкүн. Ал Иракты камсыздоого багытталган “Мунай ордуна азык-түлүк программасында” иштеген.

Кузнецовдун адвокаты Марион Селцер айым, анын клиенти менен Яковлевдин иши ортосунда эч кандай байланыш жок деп санайт:

- Яковлевдин ишинен менин кабарым бар. Кузнецовдун “Мунай ордуна азык түлүк программасына” тийиштиги бар экенине ишенбейм. Андай байлыныш жок экенине ишенем.

Белгилей кетчү нерсе, А. Яковлев кызматка конкурстук негизде келген жана АКШнын Федералдык чалгындоо кызматы камакка алганга чейин, анын ишин БУУ өзү иликтеген.

Владимир Кузнецов аткарган кызматка же Генералдык Ассамблеянын бюджеттик комитетинин башчылыгына талапкерлер өз өлкөсүнүн сунушу менен тандалат. Бирок Орусиянын Нью-Йорктогу консулунун орун басары Александр Демкиндин билдиришинче, Кузнецов камакка алынган учурда дипломаттык макамы жок болгон.

Ал эми Окабе айымдын сөзүнчө, учурда Кузнецовдун макамы такталууда:

– Ал Орусия өкмөтүнүн кызматчысыбы же жокпу, бизге белгисиз болгондуктан, биз анын макамын тактамакчыбыз. Биз, жана мен айткандай, ага Улуттар Уюмунун хартиясынын 5-беренесине ылайык берилген макамын алып салдык. Албетте, Башкатчы Орусиянын тышкы иштер министри мырза Лавров менен сүйлөштү деп ишенем.

Марион Селцердин айтымында, Кузнецовдо Улуттар Уюму берген кол тийбестик укугунан башка да Орусия тарабынан берилген дипломаттык иммунитети болгон-болбогону азыр аныкталып жатат.

Владимир Кузнецов 1,5 миллион доллар күрөө төлөп, абактан чыкса болот. Бирок ал Нью-Йорктон башка жакка чыгууга акысыз.

XS
SM
MD
LG