Ооганстанда кечээ төрт бөлөк чабуулда курман болгондордун арасында парламенттик талапкер Хабибула Жан да болду. Анын аралыгында, Бириккен Улуттар уюму 18-сентбярдагы парламенттик шайлоонун алдында өз кызматкерлерин Ооганстандан чыгып кетүүгө чакырды. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги талибдер гумжардам кызматкерлерине каршы чабуулдарын күч алдырат деп эскерткен.