Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Аба ырайы


БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосу боюнча, 6-сентябрда Кыргызстанда аба ырайында өзгөрүүлөр болбойт. Айрым аймактарда абанын температурасы +37 градуска чейин ысыйт. Айдарым жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15...+20, күндүз +30...+35 градус. Таласта түнкүсүн +11...+16, күндүз +29...+34. Баткен аймагында түнкүсүн +17...+22 градус жылуу, күндүз +30...+35 градус ысык. Жалалабат, Ош дубандарында түнкүсүн +17...+22, ал эми күндүз +32 градустан +37 градуска чейин ысык болушу күтүлөт. Ысыккөл ойдуңунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +23...+28 градус жылуу. Нарын жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +27...+32 градус.

Бишкек шаарында ала булут каптап турат. Абанын температурасы түнкүсүн +17...+19, күндүз 32...+34 градус.

Кабарлар топтомун Бурулкан Сарыгулова, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG